“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Абдирайим кары Атабаев 1913-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда илимдүү үй-бүлөдө туулган. Ал Кара-Суу районунда жайгашкан пахта заводунда бухгалтер болуп эмгектенген. Ошону менен бирге, оор мезгилде дин кызматкери болуп, ардактуу миссияны аркалаган.
Жаштайынан эле атасы Атабай кары баш болгон улуу устаздардын колунда окуп, илим-билимдүү болгон ал зирек, тырышчаак болгондуктан, аз гана жылдын ичинде эле хафиздик даражага жетет. Жаш болсо да илим-билиминин молдугу себептүү замананынын эң көрүнүктүү аалымдарынын бирине айланган. Ошондой эле Куранды толук жаттаган «мураттаб кары» болуп жетилген. Кары бой жеткенде 1928-жылы туулган Рабия аттуу такыба кызга баш кошкон. Бул үй-бүлө бактылуу жашап, 16 перзентти тарбиялашкан.
Абдирайим кары өзүнүн адеп-ахлагы менен башкалардан кескин айырмаланып турган. Ал колхоздоштуруу убагында, согуш мезгилинде, согуштан кийинки кайра куруу учурларда, согуштагы жокчулук, оор күндөрдө да дайыма эл менен бирге болуп, ал күндөрдөгү кыйынчылыктарды жеңип чыгууга зор салым кошкон. Башкача айтканда, ошол оор жылдарда барга-жокко чыдап, жокчулукка мөгдүрөп калбай, Абдираийм кары эли-журтту сабырдуу болууга чакырып турган. Бул дүйнөдө жашоо бирдей болбой турганын, б. а. согуш-тынчтык, токчулук-ачарчылык, саламаттык-оору, байгерчилик-жокчулук сыяктуу ар кандай тагдыр болорун эске салып, эл кыдырып тынымсыз насаат кылган.
Абдирайим кары атеисттик доор күчөп турган чакта жаш өспүрүмдөрдү окутууга бел байлайт. Бирок бул кооптуу мезгилде бала окутуу башты канжыгага байлоого тете иш болгон. Ошого карабай, келечек муундун дин илими үчүн кам көргөн. Ал үйүнүн короосун бийик дубал менен тосуп алып, балдарды окуткан. Антпесе режимге жагалданган бирөөлөр НКВДга сатып коёру белгилүү иш болчу.
Бирде бирөөлөр «Сен эмнеге мынча бийик дубал куруп алгансың, жашырган эмнең бар?» деп тийиштик кылат. Ошондо илимде терең илгерилеген, такыбалыкта абиддик даражага жеткен Абдирайим кары «Мен короомо көчөт эктим эле, эшектер кажып, зыян жеткирбеси үчүн тосуп алдым», – деп терең маани менен сөзгө жыккан экен.
Мына ушундай улуу аалым, чоң кары, адеп-ахлагы бийик, мүнөзү кооз Абдирайим кары ата кокусунан ооруп калып, 1981-жылы бул дүйнөдөн өткөн. Анын артында Рабия эне жаш балдарын бооруна кысып кала берет.
Рабия эне тууралуу айта турган болсок, динди жашоосуна толугу менен алып кирген такыба, салиха, абида айым болон. Ал бала тарбиясына ушунчалык маани бергендиктен, дааратсыз бала эмизбегени, бала эмизген сайын зикир тартканы , Куран менен бешик терметкени эл оозунда аңыз болуп айтылат. Аалымдын ак никелүү жары Рабия эне кыйындыгы, даанышмандыгы, акылгөйлүгү, сабырдуулугу менен турмуштун эчен кыйынчылыктарына туруштук берип, балдарын ислам тарбиясы менен эрезеге жеткирген. Тынбай Куран окуган ал 1 айда 2 жолу хатм кылып турган. Жашы сексенге келгенде Куранды толук жаттап, хафиза эне болгон. Абдирайим карыга жарашыктуу өмүрлүк жар болгон хафиза эне өрнөктүү өмүр сүрүп, 2024-жылы 97 жашында акка моюн сунган.
Хафиз Абдирайим ата менен хафиза Рабия эненин артында мыкты уул-кыздар калды. Алсак, калың журтка таанылган Абдурахман кары, Зияуддин кары, Муса кары, Самидин кары сыяктуу эр-азаматтарды дүйнөгө алып келип, карылыкта, илимде жана адеп-ахлакта обочолонуп турган диний аалымдарды тарбиялашты. Карылар үй-бүлөсүнөн Зияуддин кары Куранды кооз окуу боюнча дүйнөлүк деңгээлге чыгып, Кыргызстандын туусун желбиреткен. Бирок жазмыш экен, каза болуп калган. Алла Таала кары атаны, хафиза энени жана Зияуддин карыны ырайымына бөлөсүн.
Союз мезгилинде Абдирайим кары ата түптөгөн үжүрө тартибинде билим берилген үйү бүгүнкү күндө «Абдирайим кары» аттуу чоң медресеге айланган. Медресенин жанында эле карынын перзенттеринин аракети, элдин колдоосу менен «Имам Бухарий» ислам институту түптөлүп, бүгүнкү күндө алдыңкы диний окуу жайлардын катарын толуктап келет. Бул медресе жана институттун атагы алыска кетип, Орто Азия боюнча студенттер (талабалар) келип илим алат. Жылына жүздөгөн бүтүрүүчүлөр, ондогон карылар жетилип чыккан бул куттуу жайда аймактагы жана өлкөдөгү, ошондой эле чет жерден алдыңкы устаздар чакырылып, сабак беришет.
Даярдагандар:
Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси
Абдинаби ажы Жунусов, диний ишмер, жазуучу