"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...
Ажыга же умрага аттанган зыяратчылар үчүн ихрамга кирүү шарият шарттарынан. Умрада 2 парз болсо, бирөө – ихрам. Ал эми ажылыкта 3 парз болсо, бирөө – ихрам. Ихрамдын парздыгын бүтүндөй ахли сүннөт аалымдары кабыл алган. Харам аймагына ихрамсыз кирүүгө болбойт. Мийкат деп аталган чек арадан ихрамга кирүү керек. Ага чейин кирүү жакшыраак. Зыяратчы жол мененби, аба мененби, деңиз мененби, айтор мийкаттан өтөрдө ихрамдуу болушу шарт. Эгерде зыяратчы мийкат чек арасынан ихрамсыз өткөн болсо, ага кан чыгаруу (кой союу) милдет болуп эсептелет.
Ихрамга кантип кирет?
Алгач жуунат (гусул алат) же даарат алат. Бул сүннөткө ылайык амал. Андан соң жаңы же жуулган таза эки даана ак кездеме киет. Кездемелердин бирин киндиктин астынан ороп, экинчисин эки ийинден ылдый таштайт. (Кездеме ороо эркектерге гана тиешелүү болуп, аялдар кадимкидей эле кийинет. Болгону адамдын көңүлүн алагды кылуучу өзгөчө, жылтыр-жултур кийимдерден качат). Андан соң жыпар жыттуу каражаттардан себинет (эгер болсо). Кийинки кезекте эки рекет намаз окуйт. Бул өз кезегинде ихрам намазы деп аталат. «Ниет кылдым сүннөт болгон эки рекет ихрам намазын окууга...» деген сыяктуу ниет менен баштап, кадимки багымдат намазынын 2 рекет намазы сыяктуу улантат. Биринчи рекетте Кафирун сүрөсүн, экинчи рекетте Ихлас сүрөсүн окуп, оңго-солго салам берүү менен жыйынтыктайт.
Ниет кылуу жана талбия айтуу ихрамга кирүүнүн эки негизи болуп саналат. Булардан бирөөнү жасабаган адам ихрамга кирген болуп эсептелбейт.
Ниет – аткарылчу ажылыктын түрүнө же умрага карата максатын белгилеп, бир чечимге келүү дегендик. Ниет жүрөктө болот. Бирок ичтен ниет кылуу менен бирге, тил менен да кошо айтуу мустахаб.
Кыргызстандан барган ажылар таматтуъ ажылыгын кылгандыктан, алгач умрага ниет кылат.
Умра ниети:
اللهم إني أريد العمرة فيسرها لي وتقبلها مني
Окулушу: «Аллахумма иннии уриидул-умрата фа-йассирхаа лии ва такаббалхаа миннии».
«Оо, Аллахым! Сенин ыраазычылыгың үчүн умра кылууну ниет кылдым, муну мага жеңил кыл жана менден кабыл кыла көр».
Ниеттен соң талбия айтылат жана аны менен ихрамга кирилген болуп эсептелет.
Талбия – ихрамдын эки негизинин бири катары ихрамга кирердин алдында айтылуусу важиб болгон жана ихрамдуу мезгил ичинде көп кайталанып айтылуусу сүннөт болуп саналган дуба. Ал мындайча окулат:
لَبَّيْكَ اللَّهُمَّ لَبَّيْك، لَبَّيْكَ لا شَرِيكَ لَكَ لَبَّيْك،
إِنَّ الْحَمْدَ وَ النِّعْمَةَ لَكَ وَ الْمُلْك، لا شَرِيْكَ لَك.
Окулушу:
«Лаббайкаллахумма лаббайк, лаббайка лаа шариика лака лаббайк, инналхамда ванниимата лака валмулк, лаа шариика лак».
Кыргызча мааниси:
«Аллахым! Мен Сенин буйругуңду аткарууга келдим! Сенин буйругуңа даярмын! Аллахым Сенин шеригиң жок! Буйругуңду аткарууга даярмын! Чынында бардык мактоо-даңазалар Өзүңө тиешелүү, сый-жакшылыктар Сеники, бийлик-мүлк да Сеники! Сенин эч кандай шеригиң жок!».
Демек, ихрамга кирерде бир ирет талбия дубасын айтуу ваажиб. Ал эми ихрамдуу мезгилде ар убакыт үндүү талбия айта жүрүү сүннөт. Аялдар талбия жана башка дуба-зикирлерди, тасбихтерди төмөнүрөөк үн менен айтканы оң.
Андан соң Каабаны 7 жолу айланып (таваф кылып), артынан 2 рекет таваф намазын окуйт. Таваф намазында да биринчи рекетте Кафирун, экинчи рекетте Ихлас сүрөлөрүн окуйт. Андан соң Сафа-Марва арасында 7 жолу барып-келген соң, чач кыруу/кыскартуу менен ихрамдан чыгат. Ушул жерден баса белгилеп кетчү нерсе, Сафадан Марвага 4 жолу, ал эми Марвадан Сафага 3 жолу жүрүш жасалып, жалпы 7 болот. Муну билбеген айрым зыяратчылар Сафа-Марва арасында 14 жолу жүрүш жасап алат.
Ажылыктын ихрамы кандай?
Ажылык үчүн ихрамга кирүү умрадагыдай эле. Болгону ниетте айырма болот.
Ажылыктын ниети:
اللهم إني أريد الحج فيسره لي وتقبله مني
Окулушу: «Аллахумма иннии уриидул-хажжа фа-йассирху лии ва такаббалху миннии»
«Оо, Аллахым! Сенин ыраазычылыгың үчүн ажылык кылууну ниет кылдым, муну мага жеңил кыл жана менден кабыл кыла көр».
Кыргызстандан барган зыяратчылар ажылык күндөрү башталганда (зул-хижжа айынын 8 и) Меккеден ниет кылып, талбия айтып, Минага жол тартат. Мына ошентип зул-хижжанын 8-12-күндөрү ихрамда болот. Үстүбүздөгү жылдын григориян жылсанагына карасак, бул даталар 25-29-майга туура келет. Ажылар 26-май күнү Арафатта турса (арапа), 27-майда, тагыраагы айттын 1-күнү шайтанга таш ыргытып, хадия курмандыктары чалынган соң чач кыруу/кыскартуу менен ихрамдан чыгышат. Мына ушул аралыкта ихрамда болуу шарт.
Ажылар ушул күндөрү ихрамда болот. Ихрамда болуу кездемелерди оронуп алуу менен гана болбойт. Анын да өзүнө таандык тыюулары бар. Ихрамчан киши (мухрим) төмөнкү амалдардан тыйылат.
• Жаман сөздөр, ушап кептер;
• Күнөө иштер (ансыз да арам эмеспи);
• Талашып-тартышуу;
• Жаныбарларга аңчылык кылуу (деңиз жаныбарлары кирбейт);
• Аңчылыкка башчы болуу;
• Аңчыга жардам берүү;
• Көйнөк, костьюм, шым, чапан, тон, баш кийим сыяктуу кийим-кече кийүү (аялдар кие берет);
• Колкап же маасы кийүү (эркектердин байпак кийүүсү)
• Башты, бетти жабуу; баш кийим кийүү;
• Жыпар-жыт себинүү;
• Чач, сакал, денедеги ар кандай түктөрдү кетирүү;
• Тырмак алуу;
• Шафран (сары дарак) же сарыга боёлгон кийим кийүү.
Умра ихрамы менен ажылык ихрамынын тыюулары бирдей. Зыяратчы мындан сырткары аялы менен жакындык кылуу, делебени козгой турган иштерге баруудан да тыйылат. Харам аймагындагы чөп-чарларды жулуп, жан-жаныбарларды өлтүрө албайт. Эгерде зыяратчы жогоруда көрсөтүлгөн иштерден бирин же бир канчасын кылса, ар биринин өзүнө жараша жазаларын (штраф) төлөөгө милдеттенет. Мындан сырткары ибадаттын тартиптерин, ыраатын сактап, зыяраттын парз-важиптерин калтырбай, шариятта көрсөтүлгөндөй орундатууга жана кемчиликсиз аткарууга аракет кылышы зарыл.
Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу
Текшерген: Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын аппарат жетекчиси