“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Муфтият | 03.07.2026
  • |

АМАНАТ ЖАНГА КАСТЫК ЖОК!

Мээримдүү жана ырайымдуу Жараткандын ысымы менен

Акыркы учурларда табият кескин өзгөрүп, ысык болсо мээ кайнаткан аптап болсо, суук болсо заматта температура кескин төмөндөп, дене бойду калчылдата турган болуп алды. Күн тийсе асманда бир тутам булут табылбай, жан бүткөндү кууратса, жамгыр жааса күндүн көзү көрүнбөй, ташкындаган селдер жүрүп, төбө чачты тик тургузууда. Мурда селдер арык бою гана акса, азыркы күндө таш-кумун аралаштырып, бак-даракты омкоруп, айтор жүрөк үшүн алууда. Жан-жаныбар, автоунааларды агызып, турак үйлөрдү кыйратып, айрым учурларда киши өлүмү менен коштолууда. Мындай шумдукту ким көрүптүр.

Илгеркилер мындай көрүнүштөрдү адам пейили менен байланыштырып, «пейил кетип, табият бузулду, күнөөкөр пенделериңди кечире-гөр, Жаратканым» дешчү. Ырасында эле көп учурда адамзаттын пейли бузулганда табият жооп берет окшойт. Айталы, таза табиятка таштанды ыргытып, айланабызды, бейиштей кооз жерибизди булгасак, кычкылтек (О2) менен камсыздаган бак-дарактарды ашыкча кыйсак, зоология тең салмагына шек кетирип, жан-жаныбарды кырсак, сууга ар кандай таштандыларды ыргытсак, абаны булгоочу ашкере эски же катализатору жок унааларды минип, абаны булгасак, чоң-чоң завод-фабрикаларды куруп, озон катмарын талкаласак, анан табияттын тең салмагы бузулбай канетсин?! Мына ушунун баары пейил кеткендин белгиси эмеспи? 

ظَهَرَ ٱلْفَسَادُ فِى ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِى ٱلنَّاسِ لِيُذِيقَهُم بَعْضَ ٱلَّذِى عَمِلُوا۟ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ

«Адамдар өз колдору менен жасагандарынын кай биринин жазасын тарттыруу үчүн кургактыкта жана деңизде бузукулук ачыкка чыкты. Балким, алар кайра тартышар» (Рум сүрөсү, 30/41).

Жогорку аятта адам пендесинин өз колдору менен кылган иштеринин айынан кургактыкта да, деңизде да кыйроолор болору ишаара кылынууда. Ырасында, бүгүнкү күндөгү кургакта жана деңиздеги экологиялык кыйроолорго адамдык фактор себеп болуп жатканын жашыра албайбыз... 

Темабызга кайтсак, өмүр, ден-соолук – Алла Таала тарабынан ыроолонгон жакшылык. Эгер өмүргө коркунуч жаралса, анда биринчи кезекте аны сактоо (حفظ النفس) шарияттык милдет болуп саналат. Эгерде кимдир-бирөө унаа башкарып баратып жол эрежесин сактабай, ал аркылуу өмүргө, ден соолукка коркунуч жаратса, бул чоң күнөө. Ошондой эле аба ырайы боюнча расмияттан чукул билдирүү келип, «ушул аймактарда сел жүрүү коркунучу бар, кар көчкү жүрүшү күтүлөт, таш кулашы мүмкүн, андыктан жолго чыкпагыла» деп эскертилсе, ага баш ийүү зарыл. Мисалы, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен «эртең саат 10-12 арасы тоолуу аймактарда жаан-чачын жаап, сел жүрөт» деген СМС келсе, ага карабай тоого эс алууга чыгып кетсеңиз, натуура кылган болосуз. «Жок, бешенеңе жазылса үйдө отурсаң да сел алат, көчөдө болсоң да» деген тар жана тайкы түшүнүк менен тоону көздөй пикникке чыгып кетсеңиз, адашасыз. Алла Таала Куран-и Каримде мындай дейт:

... وَلَا تُلْقُوا بِاَيْديكُمْ اِلَى التَّهْلُكَةِ وَاَحْسِنُوا اِنَّ اللّٰهَ يُحِبُّ الْمُحْسِنينَ

«...Өзүңөрдү өз колуңар менен өлүмгө таштабагыла. Чындыгында Алла жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт» (Бакара сүрөсү, 195).

Имам Ибн Касир бул аятты чечмелеп жатып, адам өзүн өлүмгө алып бара турган себептерге атайылап кирбеши керек экенин айтат. Бул өкүмгө сел жүрүп жаткан сайга кирүү, көчкү коркунучу бар жерге чыгуу, өрт болуп жаткан аймакка негизсиз баруу сыяктуу иштер да кирет. Дагы бир аятта мындай буйрулат:

وَلَا تَقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا

«Өзүңөрдү өлтүрбөгүлө. Албетте, Алла силерге өтө Мээримдүү» (Ниса сүрөсү, 29).

Аалымдар бул аяттын маанисине адам өз өмүрүн коркунучка салуучу иштерден да алыс болушу тууралуу өкүм кирерин айтышкан.

وَلَا تَقْتُلُوا النَّفْسَ الَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إِلَّا بِالْحَقِّ

«Алла ыйык кылган жанды өлтүрбөгүлө» (Исра сүрөсү, 33).

Ал эми пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө үңүлсөк, оорунун жайылышы мүмкүн болгон аймакка кирүүгө тыюу салганы маалым.

إِذَا سَمِعْتُمْ بِالطَّاعُونِ بِأَرْضٍ فَلَا تَدْخُلُوهَا، وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلَا تَخْرُجُوا مِنْهَا

«Эгер бир жерде жугуштуу оору (таун) чыкканын уксаңар, ал жерге кирбегиле. Эгер ал силер турган жерде чыкса, ал жерден качып чыкпагыла». (Бухари, Тыбб 30; Муслим, Салам, 2218).

Ушул эле принцип боюнча сел, көчкү, өрт сыяктуу кооптуу аймактарга барбоо да шарияттын рухуна толук ылайык келет. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай дейт:

لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ

«Зыян келтирүү да, зыянга зыян менен жооп берүү да жок» (Ибн Мажа, Ахкам 2341; Муватта, Акдия 31).

Бул хадис ислам укугундагы эң чоң эрежелердин бири болуп саналат. Адам өзүнө да, башкаларга да зыян алып келе турган иштерден сактанууга милдеттүү.

Бир киши төөсүн байлабай коюп: «Аллахка тобокел кылдым» дегенде, Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:

اعْقِلْهَا وَتَوَكَّلْ

«Адегенде төөңдү байла, анан Аллахка тобокел кыл» (Тирмизи, 2517).

Мусулман адам коопсуздук чараларын көрүп, себептерди аткарып, андан кийин Аллага тобокел кылат. Көчкү коркунучу бар жерде жашоо, сел жүрүп жаткан сайдан өтүү, өрт чыккан имаратка негизсиз кирүү «тобокел» эмес, (сактануу парз болгон учурда) шалаакылык болуп эсептелет.

Өрт, сел, кар көчкү, жер көчкү, суу ташкыны, жарылуу коркунучу бар аймактар тууралуу жооптуу адистер жана мамлекеттик кызматтар эскертүү берген учурда мусулмандын милдети – кооптуу аймакка барбоо, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, куткаруучулардын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү, башкаларды да коркунучтан сак болууга чакыруу, себептерди таштабоо болуп эсептелет. 

Ислам аалымдарынын белгилөөсү боюнча, жанды сактоо – парз. Ошондуктан адам өзү биле туруп өмүрүнө олуттуу коркунуч жарата турган өрт, сел, көчкү сыяктуу кырсыктар болгон жерлерге баруусу шарияттын максаттарына каршы келет жана күнөөгө алып баруучу аракет болуп эсептелет.

Акыркы учурларда табият кырсыктарынын ичинен сел ташкыны көп катталып, киши өлүмү менен коштолуп жатканы жүрөктү өйүтөт. Ошондой эле жаш балдардын сууга чөгүү фактылары катталып, калың журтту убайымга салым туру. Мына ушундай кейиштүү учурлардын биринде дасыккан суучул-куткаруучунун кырсыктап каза болгонун өкүнүү менен белгилейбиз.

Андыктан;
-    сел жүрүү коркунучу бар аймактарда коопсуздук эрежелерин так сактоо;
-    нөшөрлөгөн жаан-чачын учурунда сайларга, кокту-колотторго, дарыя жээктерине жана тоо этектериндеги кооптуу аймактарга барбоо;
-    сууга түшүүдө жана эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоо, өзгөчө жаш балдарды эч качан кароосуз калтырбоо;
-     балдардын коопсуздугу маселесинде жоопкерчиликтүү жана аманаткөй болуу;
-    Тиешелүү мамлекеттик кызматтын (ӨКМ) расмий эскертүүлөрүнө жана билдирүүлөрүнө маани берүү;
-    Жаратылышка аяр мамиле жасап, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо, таштандыларды туш келди ыргытпоо маданиятын калыптандыруу;
-    Ар бир ыргытылган желим бөтөлкөнүн, табиятка ташталган балмуздактын таңгакчасынын биосферага аз болсо да өз зыянын тийгизерин аңдоо;
-    Арыктарды, каналдарды, сел өтүүчү нуктарды, суу өткөрүүчү курулмаларды жана дамбаларды кароо, тазалап туруу;
-    Тазалыкты сактоо, жаратылыш байлыктарын коргоо, айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу ар бирибиздин диний дагы, атуулдук дагы милдет.

Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси
Текшерген: Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын аппарат жетекчиси