«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Жаңылыктар
Коом | 04.09.2026

Азрети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Кыргызстандын Египеттеги элчиси менен жолугушту
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Египет Араб Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талгат Аширбеков менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы диний, илимий жана маданий байланыштарды мындан ары өнүктүрүү, ислам илимин жана диний билим берүүнү өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү …

Муфтий

Абдулазиз кары Закиров

ЗАКИРОВ АБДУЛАЗИЗ НАЗИРБЕКОВИЧ

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

1993-1998-ж.ж: Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-ж.ж: Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

2015-2018-ж.ж: Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

2002-2005-ж.ж: Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-ж.ж: Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-ж.ж: Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-ж.ж: Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);

2013-2021-ж.ж: Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Сыйлыктары: 2005-ж. «Абдулла ибн Аббас» медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;

2015-ж. КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;

2017-ж. «Аймак» облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;

2021-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен «Ардактуу Казы» алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.

Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү; үч уул, бир кыздын атасы.

Фатва
Макалалар
динге байланыштуу суроолор үчүн
+996550557775
call-центр
халал маселеси боюнча
+996557001525
МЕДИА