Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Общество | 17.06.2025
  • |

Жарыя! Кыргызстанда диний ишмердүүлүк жүргүзгөн мусулман айымдардын форуму өтөт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө аймагында диний ишмердүүлүк жүргүзгөн активдүү мусулман айымдарды атайын форумга чакырат! Форум муфтияттын координациялоосунда "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде иш алып баруу алкагында уюштурулууда.

Иш-чаранын максаттары:  
- Кыз-келиндердин диний чөйрөдөгү кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу, анын сапатын жогорулатуу жана бирдиктүү иш алып баруу;
- Аялдар арасында ханафилик-матуридилик негизиндеги салттуу дүйнө таанымын жеткиликтүү жайылтуу; 
- Билим, демилге жана аракеттерди бир нукка салуу, системалоо;
- Диний-маданий өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу жана шарттарды түзүү;
- ⁠КМБДнын жакын арада аялдар менен иштешүү багытындагы иш-пландары менен тааныштыруу;
 - Форумга фонддор жана диний чөйрөдөгү активдүү кыз-келиндер иш-аракеттеринин негизинде чакырылат. 

Иш-чарага катышуу үчүн: 
1. Тараптар (фонддор) жөнүндө маалыматтар (жайгашкан жери, аткарган иш-чаралары, каржы булактары ж.б.)
2. Жеке жактар үчүн резюме (иш тажрыйбасы, ишмердүүлүгү жана демилгелери);
3. Байланыш номуру.

Документтер 2025-жылдын 23-июнуна чейин кабыл алынат. 
Документтери кабыл алынган жактарга 2025-жылдын 25-июнунда маалымат берилет.

Айта кетсек, форум үстүбүздөгү жылдын 28-июнда өткөрүлөт.

Документтерди кабыл алуу үчүн: kg_muftiyat@mail.ru
Сурап-билүү үчүн: +996 500 311 188 (WhatsApp)