"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 08.04.2026
  • |

Сонун жаңылык: Муфтияттын диний адабияттары жарык көрдү

Бүгүн, 8-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында муфтияттын демилгеси жана колдоосу менен басылган 4 диний адабият тааныштырылды. Азирети Муфтий тарыхый саамалык тууралуу токтолуп, диний адабияттардын ак жолтой болушуна тилектештигин билдирди.

«Алланын колдоосу менен салмактуу диний китептер жарык көрүп олтурат. Китептерди түзүүдө жана которууда замандаш аалымыбыз Жоробай ажынын мээнети зор. Эмгектер элибиз үчүн кайырдуу болуп, коомдо ислам маданиятынын жогорулашына салым кошот деген ишеничтебиз. Кудай буюрса, диний адабияттарды басуу ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү пландап жатабыз», – деди Азирети Муфтий.

Жарык көргөн эмгектер:

1)    «Фикх илиминин эволюциясы»; 
2)    «Мазхабсыздык – ислам шариятына коркунуч алып келүүчү бидъат»;
3)    «Салафия исламий мазхаб эмес, берекелүү доор болгон»;
4)    «Фикх: Ибадаттар бөлүмү».

Буга чейин мекеменин аппарат жетекчиси Жоробай ажы Шергазиев жана башкармалыктын финансы жана чарба бөлүмүнүн башчысы Толкунбек ажы Жуманов диний адабияттардын басылышынан кабар алган болчу. Диний кызматкерлердин диний билимин жана маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча муфтияттын алдында диний адабияттарды чыгаруу боюнча Азирети Муфтийдин тапшырмасы берилгенин айткан аппарат жетекчи: «Учурда КМДБнын мүмкүнчүлүгү менен китептер басылууда. Китептер салттуу ислам багытына, тагыраагы ханафилик-матуридилик мазхабына ылайык келип, Орозо Азияда калыптанган исламий маданиятка төп келет. Бул китептер аркылуу, алыскы элет жергесиндеги имамдар жана мечит жамааттары туура нуктагы диний маалымат менен камсыз болуп, натыйжада диний маданият өнүгөт», – деген Жоробай ажы.

Ал эми коомго сапаттуу жана сабаттуу диний адабияттарды жайылтуу боюнча иштер системага түшүп жатканына токтолгон Толкунбек ажы Жуманов буларды билдирген: «КМДБ жетекчисинин тапшырмасына ылайык, ар бир мечитте китеп бурчу уюштурулган. Ошол бурчтарды дасыккан диний кызматкерлер тарабынан даярдалган, текшерилген адабияттар менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Диний эмгектер өлкө боюнча дээрлик ар бир мечиттин санына ылайыкталып, эң минималдуу баа менен коюлат. Түшкөн каражатка кезектеги диний адабияттар басылат. Мына ушундайча, дин багытындагы сапаттуу эмгектерди чыгаруу үзгүлтүккө учурабай, өз чыгымын өзү жаап, калкыбыздын калың катмарына жете бермекчи. Ушул система аркылуу элибизге сапаттуу жана туура нуктагы маалыматтар жеткирилмекчи», – деп билдирген бөлүм башчы.

Айта кетсек, Муфтиятты өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде камтылган муфтияттын алдында исламий адабияттарды басуу пунктун аткаруу алкагында, учурда 4 диний адабият жарык көрдү.  Алар; дүйнөгө белгилүү аалым, шейх Мухаммад Саид Рамазан аль-Бутининин «Мазхабсыздык – ислам шариятына коркунуч алып келүүчү бидъат», «Салафия исламий мазхаб эмес, берекелүү доор болгон» аттуу эмгектеринин кыргызча котормосу, ошондой эле диний аалым Жоробай ажы Шергазиевге таандык «Фикх илиминин эволюциясы» жана «Фикх: Ибадаттар бөлүмү» эмгектери басылды. Дүйнөгө белгилүү аалым, шейх Мухаммад Саид Рамазан аль-Бутининин эмгектерин да диний аалым Жоробай ажы Шергазиев кыргыз тилине чебер которгон.