"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
КМДБнын ажылык бөлүмүнүн адиси Абдулазиз ажы Туташбаев Ош облусуна жасаган расмий сапарынын алкагында Өзгөн районунан ажылык сапарга аттанган ажыларга атайын сабак өтүп, ажылык сапарга тиешелүү маселелерге токтолду.
Сабак учурунда ажылыкка руханий жактан даярдануу маанилүү экендигин, кайсыл жака бара жаткандыгын сезүү жана барган ыйык жерлерде убакытты туура пайдалануу керектигин айтып, ибадаттарды аткарууда ихластуулук күчөтүү зарыл экендигин баса белгиледи.
Сабактын жүрүшүндө Өзгөн районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Үсөн Маматтурсун уулу дагы сөз сүйлөп, ажылык мезгилинде тиешелүү эреже-талаптарды сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
Айта кетсек, Өзгөн районунан 3 ажы башчынын жетекчилигинде 130 жаран ажылык сапарга аттанууда.