"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 02.04.2026
  • |

Нарында “Салттуу ислам түшүнүгү” аттуу 3 күндүк окуу семинары жыйынтыкталды

КМДБнын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан облус аймагындагы имамдар үчүн өтүп жаткан “Салттуу ислам түшүнүгү” аттуу 3 күндүк окуу семинары жыйынтыкталды. Аталган окуу семинарын өткөрүүгө Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана муфтияттын кызматкерлери катышып, сабактарды өтүштү. Сабактын жүрүшүндө салттуу диндин негизги баалуулуктары, матуриди акыйдасы жана ханафи мазхабынын негизги принциптери, ислам тарыхы тууралуу темалар өтүлүп, кеңири маалыматтар берилди.  

Ошол эле учурда катышуучулар тарабынан сабак тууралуу жана сабактан тышкаркы суроолор берилип жатты. Мындан сырткары сабактан кийин имамдардын арасында футбол оюну уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Семинардын соңунда Нуридин ажы Мамасабиров сөз сүйлөп, имамдардын элге кылып жаткан кызматын жогору баалады жана өзүнүн ыраазычылыгын айтып өттү. Ошондой эле катышкан имамдарга сертификаттар берилсе, лекция окуган устаздарга өкүлчүлүк тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
 
Бул үч күндүк окуу семинарында Жумгал районуна Кенжетай ажы Курманходжаев, Илмиян ажы Мураталиев; Кочкор районуна Акылбек ажы Тагаев, Жеңишбек ажы Курбанов; ал эми Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондоруна Мирзат ажы Барпыбеков, Каныбек ажы Баргыев устаздар сабак өтүштү.