"Оо, Алла Таалам! Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени да кечире көр!"
Общество | 16.03.2026
  • |

Муфтият 2 айлык ишембилик жарыялады

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейинки аралыкта Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (мындан ары – КМДБ) борбордук аппаратында, ага караштуу бардык аймактык түзүмдөрдө (өкүлчүлүк, хатибияттар), мечиттерде жана диний окуу жайларда ишембиликтер өткөрүлмөй болду.

Дал ушул иш-мерчемдин алкагында 14-март күнү бир катар диний объектилердин айланасында массалык ишембиликтер өткөрүлдү. Тазалык иш-чарасынын жүрүшүндө диний мекемелердин короосу жана ага жакын коомдук жайлар тазаланып, таштандыдан арылды. Ошондой эле суу жүрө турган арыктар тазаланды.

Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү кампаниясы эки ай бою уланып, ишембиликтердин алкагында төмөнкү иш-чаралар ишке ашырылат:
-    Имараттардын айланасын, чектеш көчөлөрдү жана коомдук жайларды санитардык тазалоо; 
-    бак-дарактарды жана көчөттөрдү отургузуу, аларды андан ары коргоо жана сугаруу иштерин колго алуу; 
-    имараттардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү (актоо, сырдоо ж.б.) жана жашылдандыруу. 

Ошондой эле диний окуу жайлардын демилгеси менен ДОЖ аймагына жакын жайгашкан социалдык мекемелерде (балдар үйлөрү, карылар үйлөрү, мектеп-интернаттар ж.б.у.с.) ишембиликтерди өткөрүлүп, имараттарын актоо, сырдоо жана айлана-чөйрөнү санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү уюштурулат.

Айта кетсек, массалык ишембиликтин максаты – аймактарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү, шаарларды жана калктуу конуштарды таштандылардан арылтуу болуп саналат.