"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 8-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун жетекчилиги астында кеңири форматтагы жыйын болуп өттү. Жыйында 1-кварталдагы жетишкендиктер жана мүчүлүштүктөр айтылып, айрым кемчиликтерди чукул арада жоюу тапшырмасы берилди.
Жыйындын алгачкы бөлүгүндө кадрлар резервине кабыл алуу конкурстары боюнча отчёттук маалымат угулду. Бул боюнча кадрлар резервине кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, КМДБнын илим изилдөө борборунун директору Самаган ажы Мырзаибраимов конкурс боюнча маалымат берип, үстүбүздөгү жылдын 31-март күнү талапкерлер үчүн өлкө боюнча онлайт тест өткөрүлгөнүн, ал эми 1-5-апрель күндөрү муфтияттын кадрлар резервине кабыл алуу конкурсунун тестирлөө этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге багытталган аңгемелешүү сынагы уюштурулганын билдирди.
Муфтияттын тарыхында алгачкы ирет ишке ашып жаткан кадрлар резервин түзүү Азирети Муфтийдин 5 жылдык стратегиялык иш-мерчеминде камтылганын жана тиешелүү жобо менен жөнгө салынганын айткан ал конкурстун негизги максаты – жооптуу диний кызмат орундарына илимдүү, билимдүү, адеп-ахлактуу, кесипкөй, потенциалдуу кадрларды тартуу болуп саналарын, ошондой эле диний кызмат орундарына дайындоодо ачык-айкындуулук, адилет атаандаштык жана диний чөйрөнүн дараметин көтөрүү негиз алынганын кошумчалады.
Комиссия төрагасы жакында хатибияттын курамы жана жума мечиттердин имамы кызмат орундары үчүн кадрлар резервине кабыл алуу сынагы жүргүзүлөрүн, андан кийинки кезекте диний окуу жайлардын курамы үчүн да кадрлар ревервин түзүү пландалып жатканын маалымдады.
Жыйындын экинчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин кагаз түрүндөгү документтерден баш тартуу, ысрапкерчилити болтурбоо, кызматтык иш кагаздарды электрондук форматка өткөрүү боюнча саясатынын алкагында жана Азирети Муфтийдин 40 кадамдан турган стратегиялык иш мерчеминин “Муфтиятты жана анын алдындагы түзүмдөрүн электрондоштуруу, иш кагаздарды тиешелүү нормаларга ылайык иреттөө;” пунктун аткаруу алкагында аткарылган иштер презентацияланды.
Муфтияттын кадр жана катчылык бөлүмү тарабынан бир катар алгылыктуу иштер жасалды, алардын кээ бири төмөнкүлөр:
- 2024-жылдын декабрь айында КМДБнын борбордук аппараты толугу менен электрондук документ жүгүртүү системасына (ЭДС - инфодокска) өттү.
- 2025-жылдын январь-февраль айларында бардык аймактык өкүлчүлүктөр (казыяттар) бул системага 100% кошулду.
«Бүгүнкү күндө биз мамлекеттик органдар жана министрликтер менен кагазсыз, ыкчам түрдө электрондук кат алышып жатабыз. Ошондой эле, мындан ары бардык иш кагаздары каттын түрүнө карабастан электрондук форматта болуусу тийиш. Жарандардын кайрылуулары да электрондук форматка өткөрүлдү. Бүгүндөн баштап, бардык арыздар, кайрылуулар “Түндүк” тиркемеси аркылуу гана жүргүзүлөт. Жалпы дин кызматкерлери да ушул тартипте иш алып барууңуздарды өтүнөбүз. Мындан ары эмгек өргүү, уруксат алуу, кызматка дайындоо же бошотуу боюнча арыздардын баары “Түндүк” тиркемеси аркылуу гана кабыл алынат», - деди мемекенин кадр жана катчылык бөлүмүнүн адиси Ибрагим ажы Ильяс уулу.
Ал кийинки кадамда ушул жылдын аягына чейин бардык райондук жана шаардык хатибияттарды электрондук документ жүгүртүү системасына – «Инфодокско» кошуу иштери башталганын кошумчалады.
«Биз иш кагаздарын гана эмес, күн сайын өнүгүп жаткан өлкөбүз менен бирге кызматкерлердин маалыматтарын да заманбап форматка өткөрдүк. Азыркы учурда Муфтияттын жана өкүлчүлүктөрдөгү кызматкерлеринин кызматтык күбөлүктөрү жана эмгек китепчелери санариптештирилди», – деген ал кадрдык санариптештирүү боюнча аткарылган иштерге да токтолуп өттү.