Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”.
Абу Дауд:1134
Общество | 18.03.2026
  • |

Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

Кечээ, 17-март күнү кыргызстандык кары Мухамадали кары Умаров Саудиянын Жидда шаарында өткөн дүйнөлүк Куран жарышта кайрадан 1-орунду ээлеп, 50 миң сауд риялы (13 миң АКШ доллары) акчалай сыйлык алды. Рамазан айы ичи өткөрүлгөн кароо-сынакка дүйнө жүзүнөн жалпы 10 миң талапкер катышуу ниетин билдирип, 2 миң кары ат салышкан. Кийинки этапка 64 кары тандалып алынып, алар 8 күн бою күч сынашкан. Быйыл үчүнчү ирет онлай жана офлайн форматта өткөрүлүп жаткан дүйнөлүк Куран конкурсу САПтын «Саад» каналы аркылуу чагылдырылды.

«Дагы бир жолу дүйнөлүк жарышта 1-орунду насип кылган Аллахка чексиз шүгүр, мактоолор болсун. Алхамдулиллах Аллахтын жардамы, кыргыз элимдин дубасы менен жеттик. Ыйык Рамазан айында кылган дуба, ибаадаттарыбызды Аллах Таала кабыл кылсын», – деп кубанычы менен бөлүштү Куран жарыштын жеңүүчүсү.

Берекелүү Кадыр түндөрү жыйынтыкталган дүйнөлүк Куран конкурстун негизги талабы – Куранды толук жатка билүү жана тавжид эрежелерин так айтуу болуп, төмөнкү өлкөнүн карылары байгелүү орундарды ээледи.

1-орун – Кыргыз Республикасы;
2-орун – АКШ;
3-орун – Египет;
4-орун – Сирия;
5-орун – Швеция.

Мухамадали кары Умаров учурда Мадина Ислам университетинин Куран факультетинин Кыраат бөлүмүндө 4-курстун студенти. 

Эске салсак, 2022-жылдын 22-сентябрь күнү Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарында Бүткүл дүйнөлүк Куран окуу жана Куран тафсири боюнча конкурс болуп өткөн. Дүйнөнүн 111 мамлекетинен 153 конкурсант катышкан Куран жарышка Кыргызстандын атынан катышкан Мухаммадали кары Умаров жеңүүчү болуп, 250 миң риал (5 млн 500 миң сом) менен сыйланган болчу.