Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”.
Абу Дауд:1134
Общество | 18.03.2026
  • |

Кадрлар резервине кирүүгө документ тапшырган талапкерлерге!

КУЛАКТАНДЫРУУ!

Урматтуу кадрлар резервине кирүү үчүн документ тапшырган талапкерлер!

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин облустагы жана шаардагы өкүлчүлүктөрдүн курамынын кызмат ордуна жана райондук баш имам-хатибдеринин кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн документ тапшырган талапкерлер арасында сынак жарыялайт.

Сынак эки этап менен өткөрүлөт:
I ЭТАП: Тест алуу
•    Өткөрүлүүчү күнү: 31-март, саат 12:00
•    Дареги: Ар бир өкүлчүлүктөрдүн борбордук мечити.
•    Маанилүү: Тесттин жыйынтыгы боюнча босого упай алган талапкерлер гана экинчи этапка (маектешүүгө) жолдомо алышат.

II ЭТАП: Маектешүү
Оозеки сынак аймактар боюнча төмөнкү тартипте өтөт:
1.    Бишкек шаары, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын талапкерлери үчүн:
Өткөрүлүүчү күнү: 1–2-апрель 
*    Бишкек шаары              саат:  10:00
*    Чүй облусу                    саат:  11:00
*    Нарын облусу               саат:  12:00
*    Талас облусу                 саат:  14:00
*    Ысык-Көл облусу         саат:  15:00
Дареги: Бишкек шаары (КМДБнын имараты).

2.    Ош шаары жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын талапкерлери үчүн:
Өткөрүлүүчү күнү: 4–апрель
*    Ош облусу                      саат:  11:00
*    Баткен облусу                саат  14:00      

5-апрель

*    Жалал-Абад облусу       саат  11:00
*    Ош шаары                      саат  14:00
Дареги: Ош шаары, «Сулайман-Тоо» мечити.

Эскертүү: Талапкерлер жанында өздүгүн тастыктоочу документтерин (паспорт) алып келүүгө тийиш.