"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 27.03.2026
  • |

Кадрлар резерви: Сынак уюштуруу иш тобунун кезектеги отуруму өттү

Бүгүн, 27-мартта КМДБнын жыйындар залында муфтияттын кадрлар резервине кабыл алуу жана конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Жыйында талапкерлерге сынак өткөрүү тартиби жана механизмдери талкууланып, даярдыктар жыйынтыкталды.

Маалымат иретинде айта кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин облустагы жана шаардагы өкүлчүлүктөрдүн курамынын кызмат ордуна жана райондук баш имам-хатибдеринин кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн сынак жарыялап, документтер келип түшкөн.

Документ тапшырган талапкерлер үчүн өтүүчү сынак эки этап менен өткөрүлөт.

Жобого ылайык, сынак эки этап менен өткөрүлөт:

I ЭТАП: Тест алуу
•    Өткөрүлүүчү күнү: 31-март, саат 12:00
•    Дареги: Ар бир өкүлчүлүктөрдүн борбордук мечити.
•    Маанилүү: Тесттин жыйынтыгы боюнча босого упай алган талапкерлер гана экинчи этапка (маектешүүгө) жолдомо алышат.

II ЭТАП: Маектешүү
Оозеки сынак аймактар боюнча төмөнкү тартипте өтөт:
1.    Бишкек шаары, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын талапкерлери үчүн:
Өткөрүлүүчү күнү: 1–2-апрель 
*    Бишкек шаары              саат:  10:00
*    Чүй облусу                    саат:  11:00
*    Нарын облусу               саат:  12:00
*    Талас облусу                 саат:  14:00
*    Ысык-Көл облусу         саат:  15:00
Дареги: Бишкек шаары (КМДБнын имараты).

2.    Ош шаары жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын талапкерлери үчүн:
Өткөрүлүүчү күнү: 4–апрель
*    Ош облусу                      саат:  11:00
*    Баткен облусу                саат  14:00      

5-апрель

*    Жалал-Абад облусу       саат  11:00
*    Ош шаары                      саат  14:00
Дареги: Ош шаары, «Сулайман-Тоо» мечити.

Эскертүү: Талапкерлер жанында өздүгүн тастыктоочу документтерин (паспорт) алып келүүгө тийиш.