«Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң ардактууңар – эң такыбаңар» (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
Общество | 10.02.2026
  • |

Форма тигүүчүлөр арасында конкурс жарыяланды

ЖАРЫЯ!
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы республика аймагындагы бардык мечиттерде кызмат өтөгөн имамдар үчүн бирдиктүү форма (кийим) тигүү боюнча тигүүчүлөр жана тигүү ишканалары арасында ачык конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты:

Имамдардын бирдиктүү, жарашыктуу жана улуттук баалуулуктарга шайкеш келген формасын иштеп чыгуу жана сапаттуу тигүүчүлөрдү тандоо.

Конкурска катышууга чакырылат:
Жеке тигүүчүлөр, ательелер, тигүү цехтери жана тигүү ишканалары.

Талаптар:
•    Форманын үлгүсүн (эскиз/дизайн) сунуштоо
•    Кездеменин сапаты жана курамы көрсөтүлүшү керек
•    Тигүүнүн сапаты жогору болушу
•    Баа сунушу (смета) көрсөтүлүшү зарыл
•    Кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 25-февралына чейин

Документтерди кабыл алуу:
Катышуучулар өз сунуштарын (үлгү, баа, маалымат) жазуу түрүндө Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгына тапшырат.

Конкурстун жыйынтыгы:
Комиссия тарабынан каралып, эң ылайыктуу сунуш ээси “жеңүүчү" деп табылат.

Кошумча маалымат алуу үчүн:
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы
Тел: +996 550 540872
Дарек: Бишкек шаары, Семашко 264/3
Бардык кызыктар тараптарды активдүү катышууга чакырабыз!

P.s.: Ылдыйда ЖИ аркылуу даярдалган иллюстрациялык сүрөт пайдаланылды