Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Өлкө аймагындагы жалпы билим берүү мекемелери электрондук базага катталып бүттү. Бул тууралуу КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев маалымдады.
Ал КМДБ жамаатына Муфтияттын диний окуу жайлар менен болгон байланышын мобилдештирүү жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан атайын электрондук базаны презентация кылды.
Буга чейин атайын база иштелип чыгып, ага өлкөбүздөгү диний окуу жайлар катталып, толук маалыматтар жана документтери жүктөлдү. Мындан сырткары ДОЖдордо эмгектенип жаткан окутуучулардын статистикалары дагы алынып, алардын светтик жана диний билимдери, иштөө тажрыйбалары жана сабак берген предметтери боюнча толук маалыматтар кыска мөөнөттө жыйналып, так маалыматтар чогултулду. Эми буюрса диний окуу жайларга студенттерди кабыл алуу, алардын күнүмдүк сабактарынын өтүлүшү жана мугалимдердин ишмердүүлүгү дагы атайын мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүү үчүн аракеттер көрүлүп жатат”, – деп билдирди бөлүмдүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев.
Аткарылган бул иштер Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун муфтиятты электрондоштуруу ишмердигинин алкагында 1-этап болуп саналат. Бул этаптын алкагында өлкө аймагындагы жалпы мечиттерди бирдиктүү электрондук базага каттоо, муфтияттын расмий сайтын жаңыртуу, call-центр кызматынын онлайн бөлүгү ж.б. саналат. 2-этапта диний бирикмелерди борборлоштурулган базага кийирүү, диний бирикмелер арасында онлайн кат алышууну шарттоо, ДОЖдордун ишмердүүлүгүн толугу менен санариптештирүү сыяктуу иш-мерчемдер бар. Ал эми 3-этапта «Электрондук муфтият» программасын толугу менен ишке ашыруу өңдүү амбициялуу пландар бар. Бул иштер жаңы кабыл алынган дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзамга жана соңку Курултайда бекитилген КМДБнын жаңы уставына ылайык жүргүзүлмөкчү.
Айта кетсек, өткөн жылы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин коомдогу диний маданиятты өркүндөтүү жана КМДБны өнүктүрүү алкагында 40 кадамдан турган 5 жылдык стратегиялык иш планы бекитилген. Иш планда диний билим берүүнү иретке келтирүү, оптималдаштыруу, кесиптик билим берүү жана ДОЖдорду электрондоштуруу сыяктуу приоритеттүү багыттар камтылган болчу.