"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Жалал-Абад облусунун Манас шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен белгилүү дин аалымы, экс-муфтий, маркум Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган республикалык Куран жарышы жыйынтыкталды.
2 күн бою өткөн Куран конкурсунда башкалардан айырмаланып, озуп чыккан ар бир категориянын баш байге ээлерине 3 автоунаа ыйгарылды.
ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР:
10 пара боюнча I орун — Укаша Жамалдинов (Spark автоунаасы);
20 пара боюнча I орун — Муса Мирбеков (Avante автоунаасы);
30 пара боюнча I орун — Давуд Абдыкадыров (Toyota Venza автоунаасы).
Калган конкурсанттарга акчалай сыйлыктар жана умра сапарына жолдомолор берилди. Ошондой эле жалпы катышуучуларга дипломдор жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Белектерди Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев башаган аалымдар тапшырды.
Азирети Муфтий Абдилазиз кары Закиров өз сөзүндө Куран жарышын жогорку деңгээлде уюштурган уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, Куранга кызмат кылуу — эң улуу иш экенин баса белгиледи. Ошондой эле мындай иш-чаралар жаш муунду тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
«Куран — бул Аллахтын сөзү, ал эч качан инсандын колдоосуна муктаж эмес. Тескерисинче, адам баласы Куранга муктаж. Ким Куранды кармаса — ал бийиктейт, ким андан алыстаса — ал алсырайт. Ошондуктан Куранды окуп гана тим болбостон, аны жашообузга киргизип, амал кылуубуз керек», — деди Азирети Муфтий сыйлоо аземинде.
Ал эми Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев Куран жаттоонун жана аны менен жашоонун маанисине токтолуп, ар бир мусулманды Куранды жаттап, айрыкча ар Рамазан айында хатм кылууга чакырып, «Куран адамдын кулк-мүнөзүндө, жашоосунда көрүнүшү керек. Эгер адам жаман иштерге барса, Куран андан алыстап, 5–6 кадам качат», — деп насаат айтты.