Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Общество | 30.06.2025
  • |

Дин кызматкерлери арасында коопсуз жол кыймылы боюнча республикалык конкурс өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын курамындагы расмий дин кызматкерлери коопсуз жол кыймылын камсыздоо алкагында Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелери боюнча конкурска катышты. КМДБ тарабынан КР ИИМ жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги менен биргеликте уюштурулган саамалыкка КР ИИМ ЖКККББ жетекчиси Жеңишбек Жоробеков, Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин бөлүм башчысы Айбек Иминов, казылар, райондук баш имам-хатибдер катышып, конкурсту көзөмөлдөштү.  

Диний кызматкерлердин жол эрежелери боюнча билим деңгээлин текшерүү максатындагы сынак жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов: «Санариптик онлайн сынак ресбпубликанын 7 облусунда жана 2 шаарында ЖКККББ кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду. Конкурс жыйынтыгында диний кызматкерлердин бул жааттагы билими жогору экени маалым болду. Имамдарыбыз ар дайым эл менен байланышта болгондуктан, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында дагы да ишмердүүлүктөрүн уланта бермекчи», – деп билдирди.

Онлайн сынакка 1600 дөн ашуун дин кызматкери катышканын билдирген Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров: «Акыркы кездерде авто-жол кырсыктарынын саны арбып, тилекке каршы көптөгөн каргашалуу окуялар жүз берүүдө. Анын себебинен айрым бир туугандарыбыз өмүрүнөн, кээ бирлери ден соолугунан айрылып калууда. Биз буга кайдигер мекеме эмес катары дайыма үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, КР ИИМ ЖКККББсы менен тыгыз кызматташып келебиз. Мындан ары да салттуу түрдө уюштуруп келген «Адам жаны аманат» аттуу акциябызды уюштуруп, түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзө беребиз», – деп баса белгилеп, –Урматтуу айдоочу бир тууганым! Сизди үйүңүздө ата-энеңиз, сүйүктүү жарыңыз, алмончоктой балдарыңыз күтүп жатат! Андыктан жол эрежесин сактап, өз өмүрүңүзгө жана ден соолугуңузга кам көрүңүз! Алла Таала Ыйык Куранда: «Өзүңөрдү өз колуңар менен өлүмгө таштабагыла» деп буйрук кылган. Улуу аятка амал кылалы!», – деп айдоочуларга кайрылды.

Аталган конкурс журт башчынын тапшырмасына ылайык өткөнүн айткан КР ИИМ ЖКККББ жетекчиси Жеңишбек Мамаюнусович буларга токтолду: «Мамлекет башчынын жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча атайын тапшырмасы бар. Коопсуз жол кыймылы боюнча дин кызматкерлеринин масштабдуу түрдө конкурска катышканы абдан сонун көрүнүш. Буга чейин деле имамдар жума баяндарда коопсуз жол кыймылы боюнча насааттарды айтып, эрежелерге баш ийүү жана авто тыгындарды болтурбоо боюнча жигердүү иш алып барышканы менен алкоого арзышкан. Азыр болсо жетишкен технологияны пайдалануу менен борбордо туруп конкурска бир учурда бардык имамдардын катышканы муфтияттын жетишкендиги катары каралууга тийиш. Ырасында, имам деген «алдыңкы», «үлгү» дегенди туюнтат. Сиздер «жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу» жаатында үзүрлүү эмгектенип келесиздер. Демилге көтөргөн Азирети Муфтийге жана КМДБнын эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз». 

Конкурс бардык аймактарда бир убакта онлайн форматта смартфондор аркылуу өткөрүлүп, имамдар өз күчтөрүн сынашты. Жыйынтыгында ылдыйдагы район-шаарлардын дин кызматкерлери жогору упай алды:

Баткен облусунан Кызыл-Кыя шаары – 71%
Бишкек шаарынан 1-май району – 71%
Жалал-Абад облусунан Таш-Көмүр шаары – 90%
Нарын облусунан Ат-Башы району – 79%
Ош облусунан Араван району – 71%
Ош шаары    – 58%
Талас облусунан  Манас району – 73%    
Чүй облусунан Аламүдүн району – 85%
Ысык-Көл облусунан Балыкчы шаары – 65%

Айта кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин КР ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда жол кыймылынын эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү тууралуу маселелер талкууланып, казыяттардын, хатибияттардын кызматкерлери жана мечит имамдары арасында жол кыймылынын эрежелери боюнча билим деңгээлин жогорулатууга багытталган конкурс өткөрүү чечими кабыл алынган болчу. 

Ислам шариятында адам өмүрү абдан жогору баалангандыктан, жол эрежелерине баш ийүү талап кылынат. Бүгүнкү күндө өкүнүчкө карай, жол кыймылынын эрежелери сакталбагандыктан, үрөй учурган унаа жол кырсыктары катталып турат. Улуттук статистика комитети Кыргызстандын аймагында жол кырсыгы көп болорун, республиканын жолдорундагы унаалар ар 1,5 саатта кагышып турарын билдирген.