"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май районунда Дин иштери боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйын райондук администрация башчысынын орун басары Ч.Д. Жаныкееванын төрайымдыгы алдында өтүп, укук коргоо органдарынын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында райондогу диний абал, коомдук коопсуздук жана мыйзамдуулукту камсыздоо маселелери каралды.
Талкуу учурунда уруксат документтери жок иштеп жаткан диний объектилер, санитардык талаптарды сактоо жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Жыйынтыгында тиешелүү органдарга бир катар тапшырмалар берилип, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча иштерди күчөтүү милдети коюлду.