Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Бүгүн, 2-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен жолугушуп, эки тараптуу иш алып баруу боюнча пикир алышты.
Жолугушууда улуттук наркты сактоо жана жаш муунга жайылтуу маселелери талкууланып, улуттук жана адамзаттык дөөлөт болгон дин менен нарктын миңдеген жылдык гармониясы баса белгиленди.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи буга чейин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өлкөнүн 7 дубан, 2 калаасында «Улут наркы – эл баркы» аттуу иш-чаралары ийгиликтүү уюштурулганын, бул демилгени райондордо да улантууга ынтызар экенин айтып, бул үчүн аталган мекемеге ыраазычылык билдирди:
«Урматтуу Мирбек Кемелович, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тарта өлкөбүздүн бардык райондорунда эл менен жолугушуу алкагында агартуу иш-чараларын уюштурууну пландап жатабыз. Саамалыкта коомго кыргыз элинин нукура баалуулуктары, мадинияты, каада-салт, үрп-адаттары, накыл кептери жана кылымдардан бери келе жаткан көөнөрбөс нарк-насилдери туурасында маалымат берип, маданиятыбызды жалпы жарандарга, өзгөчө жаштар арасында жайылтууга салым кошсок деген тилегибиз бар. Муну менен катар иш-чара алкагында экстремизм, терроризмге жол бербөө, жарандарды терс диний агымдардан коргоо жаатындагы чакан театралдашкан программаларды даярдап жатабыз. КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарын аткарууга багытталган 2 сааттык иш-чарабызды жакындан колдоп берүүңүздү өтүнөм», – деди.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Азирети Муфтийдин бул жааттагы иш-чараларынан кабардар экенин белгилеп, толук колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Айта кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун коомдогу диний маданиятты өркүндөтүү жана КМДБны өнүктүрүү боюнча 40 кадамдан турган 5 жылдык стратегиялык иш-планынын алкагында жер-жерлерде эл менен жолугушуулар өткөрүлүп келет.