Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Бүгүн, 1-июль күнү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги, КМДБ жана И.Арабаев атындагы КМУ тарабынан «Борбордук Азиядагы диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Илимий саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Татарстан, Түркия, Малайзия, Россия Федерациясынын университеттеринин ректорлору, изилдөөчүлөр, ошондой эле жергиликтүү теологдор, дин таануучулар, Дипломатиялык корпустун жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, профессордук-окуутуучулук курам, диний жана коомдук ишмерлер катышты.
Иш-чарада Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Кыргызстандагы диний билим берүүнүн тарыхы жана учурдагы абалы боюнча доклад окуду.
Конференциянын пленардык жыйынында Өзбекстан мусулмандар башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Ташкент ислам институтунун ректору, профессор Мухаммадолим Мухаммадсидиков – “Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан диний жана билим берүү тармагындагы реформалардын өзгөчөлүктөрү”, Түркиянын Анкара социалдык билимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжан – “Диний билим берүүдө жаңы багыттар жана методдор (теология факультеттеринин мисалында)”, Россия Ислам Унтверситетинин ректору, академик Рафик Мухаметшин – “Постсоветтик мейкиндикте ислам билиминин көйгөйлөрү жана келечеги: Россиянын тажрыйбасы”, Казакстандын Нур Мубарак Египет ислам маданият университетинин проректору, PhD доктор Ершат Агыбай уулу Оңгар – “Борбор Азияда исламдык билим берүү: салттуу жана иновациялык”, Ош мамлекеттик университетинин Арашан гуманитардык институту доценти, PhD доктор Сайфулла Базаркулов – “Кыргызстанда теологиялык билим берүүнүн интеграцияланышы: абалы жана өнүгүү келечеги”, И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультетинин доценти, PhD доктор, КМДБнын муфтийинин биринчи орун басары, Самаган Мырзаибраимов –“Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына караштуу диний окуу жайларды реформалоонун учурдагы абалы жана перспективасы”, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мамлекет жана укук институтунун директору, профессор Токон Мамытов – “Диний билим берүүдө чакырыктар жана көйгөйлөр” аттуу баяндамалар угулду.
Айта кетсек, аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ №412 Жарлыгын жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу максатында И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультетинин 2024-2025-окуу жылына илимий иштер, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча иш планына ылайык Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына карата уюштурулду. Гибриддик форматта өткөн конференциянын материалдары жыйнакта жарыяланмакчы.