Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинин бүтүрүүчүлөрүн узатуу аземи болуп өттү. Аземге Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Азаматбек Таиров, Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат райондук жалпы билим берүүчү сырттан окуу мектебининин өкүлү Мухамет Кадыров, Ош шаарындагы ДОЖдордун мүдүрлөрү, кадырман аксакалдар, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар жамааты катышты.
Аземдин ачылышын медресе мүдүрү Кутманбек ажы Орунбаев ачып берип, өз сөзүндө мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдирип, бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилектерди айтып эл-журтубузга талыкпай кызмат кылууга үндөдү.
Андан соң Самидин кары Атабаев Азирети Муфтийдин саламын жеткирип, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, Куранга кызмат кылуунун пазилеттерине токтолуп өтсө, Азаматбек Жолдошалиевич өз сөзүндө жетекчисинин саламын жана куттуктоосун жеткирүү менен каалоо-тилектерин айтты.
Ошондой эле мектеп өкүлдөрү 11-классты аяктагандарга орто билимди тастыктаган аттестаттарды тапшырышты.
Аземдин жүрүшүндө окуучуларга тапшырылган сыйлыктар:
* Бүтүрүүчүлөргө дипломдор;
* Курандан ижаза;
* 40 хадис китебинен ижаза;
* 11-классты аяктагандарга аттестаттар;
* Мыкты окуучуларга грамоталар тапшырылды.
Иш-чаранын соңунда ата-энелер медресе жамаатына ыраазычылык билдиришип, шаар казысынын ак батасы менен жыйынтыкталды.