Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында жайгашкан "Абдулло ибн Аббас" ислам институтунун 2024-2025-окуу жылындагы эң мыкты студенттеринин бири — 4-курс студенти Айбүбү Сайдуллаева умра сапарына жолдомо менен сыйланды. Ал окуудагы жогорку жетишкендиги, талыкпаган эмгеги жана үлгүлүү адеп-ахлагы менен курдаштарына өрнөк боло алды.
Бул кубанычтуу окуя студенттерди сыйлоо аземинде белгиленип, иш-чараны институттун мүдүрү Мырзали ажы Алибаев ачып берди. Ал өз сөзүндө ыйык умра сапары студенттер үчүн чоң мотивация жана руханий дем берерин баса белгилеп, келечекте дагы да кызыктуу жана шыктандыруучу сыйлыктар уюштуруларын билдирди.
Ошондой эле бир катар окутуучуларга жана студенттерге Ардак баракчалар тапшырылып, ата-энелерге жана окуу жайга ак ниети менен колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө Ыраазычылык каттар берилди. Ошонун катарында билим берүүдө тынымсыз эмгектенип келе жаткан устаздар да атайын сыйлыктар менен сыйланышты.
Умра сапарына жолдомо берүү демилгесин институттун жетекчиси Мырзали ажы Алибаев көтөрүп чыгып, институт жамааты жана келген коноктор демөөрчүлүк кылган "Rahima Travel" агенттигине ыраазычылыгын билдирип, ак баталарын беришти.
Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттырып, адеп-ахлакка умтулуусуна дем бермекчи.