Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Образование | 03.06.2025
  • |

Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов Ош облусундагы диний окуу жайларды зыярат кылууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде өлкө аймагындагы диний окуу жайлар зыярат кылынып, билим берүү жөнүндөгү тиешелүү мыйзамдарга жана КМДБ тарабынан коюлган талаптарга шайкеш келер-келбеси сереп салынууда. Анын алкагында Ош облусунун аймагындагы бир катар диний окуу жайлар Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов жетектеген комиссия тарабынан  көздөн өткөрүлүп жатат. Иш сапардын жүрүшүндө Араван, Ноокат жана Өзгөн райондорундагы ДОЖдор зыярат кылынып, мониторинг жүргүзүлдү.

Зыяраттын негизги максаты диний окуу жайлардын билим берүү процесси, студенттерге түзүлгөн шарттар, материалдык-техникалык база жана тартип маселелерин талдап, учурдагы көйгөйлөрдү аныктап, аларга чечимдерди сунуштоо болуп саналарын КМДБнын референт жана жалпы бөлүм башчысы Абдиназар ажы Хаджибеков билдирди.

Айта кетсек, Ош облусунда 45 диний окуу жайы бар. Алардын 4 өө институт, 27 си медресе, 14 диний окуу борбор болуп саналат. Булардан сырткары аймакта убактылуу иштебей турган 4 диний уюм катталган.