Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Регионы | 01.07.2025
  • |

Жайылда имамдарынын ортосунда спорттук оюндар боюнча мелдеш болуп өттү

Чүй облусунун Жайыл районундагы Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сосновка айылында имамдар арасында кол күрөш, гиря көтөрүү жана футбол жаатында таймаштар болду. Бул тууралуу Чүй облустук казыяттан кабарлашты.

"Жайыл районунда алты айыл өкмөтү бар. Ар бир айыл өкмөттүн имамдарын өзүнчө командага бөлүп, спорттук мелдеш өткөрдүк. Тактап айтканда, бул мелдеш имамдар ортосунда ынтымакты бекемдөө жана ден соолуктун булагы болгон спортко жаштарды кызыктыруу максатында уюштурулду. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: "Бакубат жана күчтүү момун алсыз момунга караганда жакшыраак жана Алла Таалага  жагымдуураак". («Муслим» китаабул-кадри, Баабул-иймаани бил-кадри вал-азъаани лаху… 6774-хадис), – деп билдирди Чүй облусунун казыятынын маалымат адиси Нурлан Мамбетов.