Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Кечээ, 30-июнь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери Памирден келип Чоң-Алай жана Алай райондоруна жайгаштырылган үй-бүлөлөрдү зыярат кылып, акчалай жардам көрсөтүштү.
Ош облустук казыяты тарабынан Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү Бурган-Суу айылына Памирден келип жайгашкан 24 үй-бүлөгө жана Алай районуна караштуу Памир-Алай айыл өкмөтүндөгү Талды-Суу айылына Памирден келип жайгашкан 14 үй-бүлөгө акчалай жардам берилди.
Ошондой эле, Памирден келип, эки районго жайгашкан үй-бүлөлөрдүн ичинен имамдык милдетин аткарып келе жаткан тургундарга да казыят тарабынан ыраазычылык иретинде чапан-селде кийгизилип, акчалай колдоо көрсөтүлдү.
Аталган иш-чарага Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери Сулайман ажы Шерматов, Мухаммадсали ажы Рахмидинов, Алибек Акпарали уулу жана Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов менен Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообековдор катышты.
"Казыяттын жылдык иш-планында кайрымдуулук иштерин уюштуруу боюнча каралган пунктту ишке ашыруу максатында райондордо кайрымдуулук иштерин өткөрүп жатабыз. Буга чейин Кара-Суу, Араван, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда өткөрүлгөн болсо, мына эми Алай жана Чоң-Алай райондорунда өтүп жатат", – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.