Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Ак-Башат айылынын тургундары имам болуп 30 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Замир ажы Икрамбаевге темир тулпар белек кылышты. Айыл тургундарынын айтымында, имам спортчу катары да жаштарга ыйман жана тартип жаатында чоң үлгү болуп, элге кызмат кылып келген.
"Имамыбыз керек болсо баскан-турганыбыздан бери үйрөткөн. Ошондуктан ыраазычылык катары белек берип жатабыз", – деп белгилешти айыл тургундары.
Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан ажы Өмүралиев айыл элине алкыш айтып, «Бул иш айыл элинин ынтымагынан кабар берет. Аллах Таала кылган жакшылыктарыңызды кабыл кылсын. Сиздер имамды сыйласаңыздар, Жараткан Аллах сиздерди сыйласын!», – деп билдирди.