Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Регионы | 04.07.2025
  • |

Бакыт ажы Кайкиев Ысык-Көл облусунун казысы болуп дайындалды

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы болуп Кайкиев Бакыт ажы Кенжебекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду. 

Бүгүн, 4-июлда жаңы дайындалган казыны казыятынын жамаатына жана шаардык-райондук баш имам-хатибдерге Азирети Муфтийдин орун басары Талант ажы Темирбаев тааныштырды. 

Талант ажы Темирбаев өз сөзүндө ал муфтияттын ишенимин жана үммөт алдындагы чоң жоопкерчиликти эске салып, жаңы казыга ийгилик каалап, коомго кызмат кылууда биримдик, тактык жана адилеттүүлүк маанилүү экендигин белгиледи.
Бакыт ажы Кайкиев Кенжебекович — тажрыйбалуу диний кызматкер. Ал буга чейин бир нече райондук, облустук диний мекемелерде эмгектенип келген.

Бакыт ажы Кайкиев 1981-жылдын 20-апрелинде Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген.

Билими:
1988-1998-ж.ж. Каракол шаарындагы Некрасов атындагы мектепте билим алган;
1996-1998-ж.ж. Каракол медресесинде окуган.
1998-2003-ж.ж. К.Тыныстанов атындагы университетте “Экологияны жана жаратылышты пайдалануу” факултетинде билим алган;
2003-2005-ж.ж. Бишкек шаарындагы “Азирети Умар” ислам институнда;
2009-2010-ж.ж. Каир шаарындагы (Египет) “Аль-Азхар” университетинде окуган.

Эмгек жолу:
2005-2006-ж.ж. Каракол шаарындагы «Мухтарулло» мечитинде имам-хатиб;
2006-2009-ж.ж. Түп районунун баш имам-хатиби;
2010-2011-ж.ж. Ысык-Көл облустук мусулмандарынын казыятынын фатва адиси;
2011-2014-ж.ж. Каракол шаарындагы «Мухтарулло» мечитинде имам-хатиб;
2014-жылдан тарта Түп районунун баш имам-хатиби кызматын аркалап келген.

Үй-бүлөлүү: 3 баланын атасы.