Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Кечээ, 27-июнь күнү Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери Сулайман ажы Шерматов, Мухаммадсоли ажы Рахмидинов жана Алибек Акпарали уулу болуп, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондоруна расмий иш сапар менен барышты.
Расмий иш сапардын алкагында алгач Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында “Көзү азиздер жана дүлөйлөр” коомунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, аларга кайрымдуулук катары акчалай жардам тапшырылды. Ага карата аталган коомдун мүчөлөрү да ыраазычылыктарын билдирип, рахмат айтышты. Аталган жолугушууга райондук администрация өкүлдөрү жана Кара-Кулжа районундагы “Көзү азиздер жана дүлөйлөр” коомунун мүчөлөрү катышты.
Ошондой эле, иш сапардын алкагында “Шарип Ата” мечити жана медресесин зыярат кылып, окуу жайда түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ошол эле учурда Кара-Кулжа райондук хатибиятында көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан Асран Айдаркуловго казыяттын мактоо баракчасы тапшырылды.
Андан соң, Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл аймагында жайгашкан “Марат Разаков” атындагы мектеп-интернатына зыярат кылып, казыят тарабынан кайрымдуулук катары акчалай жардам көрсөтулдү.
“Казыяттын иш-планы боюнча жыл ичинде кайрымдуулук иштерин облус аймагындагы ар бир райондо өткөрүүнү пландаганбыз. Буга чейин Араван жана Кара-Суу райондорунда кайрымдуулук катары акчалай жардам көрсөтүлсө, бул жолкусунда Өзгөн жана Кара-Кулжа райондоруна келдик. Албетте элдин аманатын өз дарегине тапшыруу жоопкерчилигин аткарып жатабыз”, – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Айта кетсек, аталган райондорго жасалган иш сапардын негизинде жергиликтүү эл менен жолугушуу катарында Абибилла ажы Кадырбердиев Өзгөн районунун борбордук мечитинде жума баянга чыкса, Мухаммадсоли ажы Рахмидинов Кара-Кулжа районундагы “Шарип Ата” мечитинде жума баянын жасады.