Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Кечээ, 30-июнь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкелери Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан Эркештам жана Нурадагы жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жолугушууда алгач 2008-жылы жер титирөөдөн улам кайтыш болгондор үчүн Куран окулуп дуба кылынды. Андан соң, айылдагы "Нура" мечитинде жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүлүп, Мекенди сүйүү, ибадатка бекем болуу, жаштарга туура таалим-тарбия берүү жана такыбалык тууралуу диний баяндамалар жасалды.
"Мекенди сүйүү жана анын ар бир карыш жерин көз карегиндей сактоо баарыбыздын милдетибиз. Жолугушуу алдында жаш балдар менен сүйлөшүп калып, чоңойгондо ким болосуң деп сурасак, «эл-жерди коргогон жоокер болом», «Исак Монуевдей болом» деген сөздөрү баарыбызды таасирлентти. Чек ара жанында катаал шарттарга карабастан, Мекендин жерин коргоп жашап келесиздер. Аллахым ыраазы болсун", – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Ошондой эле Нура жана Эркемташ мечиттеринин имамдарына элди руханий жактан байытууга багытталган диний баяндамаларды жасоо, сабактарды уюштуруу, жаштарды диний билим берүү сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди. Ал эми жергиликтүү эл имамдарды колдоого алып, ар тараптуу көмөк көрсөтүп турушу керектигин билдирди.
Нура жана Эркемташ мечиттеринин имамдарына казыят тарабынан ыраазычылык иретинде чапан-селде кийгизилип, акчалай колдоо көрсөтүлдү. Ошону менен бирге казыят тарабынан жергиликтүү тургундар арасынан да 5 үй-бүлөгө акчалай жардам берилди.
Айта кетсек, 2008-жылдын 5-октябрында Нурада каттуу жер титирөө катталып, 70дей адам каза тапкан.