"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 10.04.2026
  • |

Ысык-Көл облусундагы медреселер зыярат кылынды

Ысык-Көл облусундагы медреселер Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан текшерүүдөн өткөрүлдү.

Текшерүүгө улуттук агенттиктин облустагы өкүлү Асылбек Мамбетов, Азирети Муфтийдин облустагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Алмаз ажы Сагындыков жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери катышты.

Текшерүү графиги:

6-апрель — «Каныбек ажы» медресеси (Жети-Өгүз району)

7-апрель — «Орозакун уулу Узакбай ажы» медресеси (Бөкөнбаев айылы, Тоң району)

8-апрель — «Исагалы Сабира» медресеси (Балыкчы шаары)

Текшерүүнүн алкагында медреселердин:

-кагаз документтери;
-окуучулардын жана мугалимдердин өздүк делолору;
-диний билим менен катар светтик сабактардын өтүлүшү кенен каралды.

Мындан тышкары, мурдагы текшерүүлөрдө берилген эскертмелердин аткарылышы да көзөмөлдөнүп, кемчиликтер боюнча кошумча мөөнөттөр берилди.

Бул текшерүүлөр медреселердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мыйзам талаптарына шайкеш келтирүү максатында жүргүзүлдү.