«Жакшылык – жүрөгүң тынчтык тапкан нерсе, жамандык – жүрөгүң тынчсызданган нерсе» (Муслим)
Ыйык Рамазан айына карата Ноокен райондук хатибияты Ноокен РИИБ боюнча ЖКК бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте “Ылдамдыкты сактаңыз, белгиленген чектен ашпаңыз!” аттуу акция уюштурду.
Иш-чаранын алкагында дин кызматкерлери жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери айдоочуларды токтотуп, ооз ачарга суу жана курма таратышты. Ошондой эле жол коопсуздугу боюнча эскертме баракчалар берилди.
Райондун баш имам-хатибинин м.а. Тынчтыкбек ажы Шаиков белгилегендей, акциянын максаты — айдоочуларга адам өмүрү аманат экенин эскертип, жол эрежелерин так сактоого чакыруу.
Айта кетсек, КМДБ жана анын түзүмдөрү тарабынан «Адам жаны – аманат» аттуу акция салттуу түрдө өткөрлүп келет. Анын алкагында айдоочуларга жол эрежелерин сактоо жана жолдо шашпоо эскертилип, ооз ачар баштыкчалары таратылат.