"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 30.03.2026
  • |

Нарында диний кызматкерлер үчүн 3 күндүк окуу семинары башталды

КМДБнын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан жалпы Нарын облусундагы имамдар үчүн 3 күндүк окуу семинары башталды. Ат Башы, Ак-Талаа, Нарын району жана шаарындагы имамдарга багытталган курс «Жакыпбек ата» мечитинде старт алса, ал эми Жумгал жана Кочкор районунун имамдары өз аймактарынын борбордук мечиттеринде өткөрүлүүдө.

Бул 3 күндүк окуу семинарын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана КМДБ кызматкерлери алып барууда.  

Устаздар: 
Кенжетай ажы Курманходжаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
Мирзат ажы Барпыбеков, Аалымдар кеңешинин мүчөсү;
Жеңишбек ажы Курбанов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү; 
Акылбек ажы Тагаев, муфтияттын калкты диний маалыматтар менен камсыздоо бөлүмүнүн адиси;
Каныбек ажы Баргыев, муфтияттын өкүлчүлүктөр хатибияттар мечиттер жана курулуш бөлүмүнүн адиси;
Илмиян Мураталиев, диний аалым.

Бул окуу курсунун башкы максаты – имамдардын билим деңгээлин көтөрүп,  салттуу ислам түшүнүгүн кеңири жайылтуу жана түшүндүрүү болуп саналат.