«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Регионы | 03.02.2026
  • |

Манас шаарында имамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча эки күндүк семинар башталды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн иш-мерчеми жана колдоосу менен Манас шаарынын хатибияты жана «Абдулла» ислам институту мекемеси биргеликте имамдардын квалификациясын жогорулатууга багытталган эки күндүк окутуу семинары старт алды.
 
Семинар Кыргызстанда салттуу ислам баалуулуктарын бекемдөө, имамдардын диний билимин тереңдетүү жана жогорулатуу максатын көздөп, «Салттуу Ислам: Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасы» темасында өтүп жатат.
 
Аталган окуу семинарына Манас шаарынын аймагындагы жалпы 85 мечиттин имамы, ошондой эле «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмунун идеологиясынан өз ыктыяры менен баш тарткан жарандар катышууда.
 
Эки күндүк семинардын окутуучусу — Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу, КМ АКтын мүчөсү Эмиль Андартегин. Ал катышуучуларга салттуу Исламдын негизги принциптери, Ханафи мазхабынын фикхий өзгөчөлүктөрү жана Матуриди акыйдасынын негиздери боюнча кеңири маалымат берүүдө.
 
Семинардын негизги максаты — имамдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу, коомдо туура диний түшүнүктү жайылтуу жана экстремизмдин алдын алууга салым кошуу болуп саналат.