"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Каракол шаарындагы «Мухтарулло» мечитинде жана Балыкчы шаарынын борбордук мечитинде «Йакын-Инкар» көз карашынан кайтып келген жамаатка акыйда жана салттуу ислам тууралуу түшүндүрүү сабагы өткөрүлдү.
Сабакты акыйда илиминин адиси, Дүйнөлүк Ислам илимдер университетинин магистранты, Балыкчы шаарындагы борбордук мечиттин имамы Тилек ажы Зарылбеков алып барды.
Иш-чараны Азирети Муфтийдин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Арпидин ажы Жороев ачып, жамаатка насаат айтып, биримдикке чакырды. Ошондой эле Каракол шаарынын баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Рустам ажы Ыбыкеев да сөз сүйлөп, дин илим менен гана бекем болорун белгилеп, аалымдардын жолун карманууга чакырды.
Сабактын жүрүшүндө «Йакын Инкар» көз карашындагы бүдөмүк маселелер илимий негизде түшүндүрүлүп, туура эмес түшүнүктөрдү жоюунун жолдору кеңири баяндалды. Лектор туура жолго түшүү — далилдүү билим аркылуу гана ишке ашарын баса белгиледи.
Иш-чара катышуучулар үчүн пайдалуу болуп, салттуу диний билимди бекемдөөгө жана туура түшүнүктү калыптандырууга багытталды.