"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 27.03.2026
  • |

Каракол шаары жана Жети-Өгүз районунда имамдык курс аяктады

Ысык-Көл облусунун Каракол шаары жана Жети-Өгүз районунда имамдардын квалификациясын жогорулатууга багытталган имамдык курс ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул окуу курсу Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасын аткаруу алкагында уюштурулуп, эми Ысык-Көл облусунун бардык шаар жана райондорунда этап-этабы менен өткөрүлмөкчү.

Азирети Муфтийдин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Арпидин ажы Жороев ар бир аймакта имамдык курстарды сапаттуу уюштуруу милдетин баш имам-хатибдерге жүктөп, илимий сабактардан бир дагы имам четте калбашы керектигин баса белгиледи.

Сабактын негизги багыттары:

Салттуу динди түшүндүрүү;

Мазхаб кармануунун мааниси;

Келишпестик маселелерди чечүү жолдору;

Жамаат арасында ынтымакты бекемдөө.

Имамдык курс жылуу маанайда өтүп, ар бир сабак суроо-жооп форматында коштолуп, имамдар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду.

Бул сыяктуу курстар имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга, жамаат менен иш алып барууда туура багыт берүүгө жана коомдогу ынтымакты бекемдөөгө чоң салым кошмокчу.