"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Баткен облусунда дин кызматкерлеринин билимин жогорулатууга багытталган акыйда боюнча окуу-семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды. Аталган семинардын соңку бөлүгү Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын имамдары үчүн бүгүн, 8-апрелде өткөрүлдү. Буга чейин 6-апрелде Баткен районунун имамдарына, ал эми 7-апрелде Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын имамдары үчүн уюштурулган болчу.
Окуу-семинарды Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси, тажрыйбалуу устаз Жоробай ажы Шергазиев алып барды. Сабактын жүрүшүндө акыйда илиминин негизги маселелери, ишенимдин туура калыптанышы, ислам дининдеги салттуу багытты кармануу, ошондой эле азыркы учурдагы диний түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу жолдору кеңири баяндалды.
Мындан сырткары, катышуучуларга туура ишенимдин мааниси, пайдалуу насааттар айтылып, суроо-жооп форматында пикир алышуулар болду. Бул өз кезегинде имамдардын практикалык билимин бекемдөөгө чоң өбөлгө түздү.
Белгилей кетсек, бул окуу-семинар Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык уюштурулуп, имамдардын билим деңгээлин көтөрүү, квалификациясын жогорулатуу жана өлкө аймагында салттуу ислам баалуулуктарын бекемдөө максатын көздөйт.
Семинардын соңунда окууга катышкан дин кызматкерлерине атайын сертификаттар тапшырылды.