«Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң ардактууңар – эң такыбаңар» (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарындагы «Имам аль Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечитте Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев "Инкар-Йакын" экстремисттик уюмунан баш тарткан жарандарга матуриди акыйдасы жана ханафи мазхабы боюнча сабак өтүп, катышуучуларды билим алууга чакырды. Ошондой эле инсанатты тынчтыкка, ынтымакка жана адеп-ахлакка чакыруу диндин негизги максаты экенин баса белгилеп, ар кандай адашкан агымдардын зыяны тууралуу кенен түшүндүрмөлөрдү берди.
Мындан сырткары мамлекеттик мыйзамдарды сактоо, коомдогу тартипти жана биримдикти бекемдөө ар бир жарандын милдети экени, КМДБ тарабынан чыгарылган фатваларга баш ийүү зарылдыгы айтылды.
Аталган сабактар ушуну менен Ош шаарында төртүнчү ирет уюштурулуп, мындан ары да уланмакчы.
Белгилей кетсек, «Имам аль Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечитте буга чейин Ош шаары жана Ош облусу аймагы боюнча 40 тан ашуун жаран радикалдык топтон баш тартканын жарыялаган.