Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Абдиманап кары Масалиев
Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары

Масалиев Абдиманап Маликовичтин өмүр таржымалы

Масалиев Абдиманап Маликович 1965-жылы Баткен шаарында жарык дүйнөгө келген.

БИЛИМ АЛУУГА БОЛГОН АЛГАЧКЫ КАДАМ:

Атасы молдо Малик 12 жаштагы уулун дин илимин окуусу үчүн алгач Баткендин Раут Каут айылындагы Шамши аттуу молдого окууга берет.  18 жашка чейин молдо Сабыр, молдо Шакир ажылардан илим алат. Абдиманап Маликович Советтик Армиянын катарында аскердик  кызматты өтөп келгенден кийин Тажикстан республикасынын Исфара шаарындагы молдо Абдисами ажынын астында Куран жаттоого киришип, Курани Каримди толугу менен  жаттаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

1991-1994-жылдары Ташкенттеги «Абдулкосим» медресесинде мударрис болуп эмгек  жолун баштайт. 1994-1996-жылдары Сокулук районундагы Сокулук жана Шалта айылдарында жеке үйлөрдө (хужраларда) жаштарга дин таалимин окутуп, Куран окууну үйрөтөт.

1996-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Биринчи Курултайында Уламалар Кеңешине мүчө болуп шайланып, ошол эле жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитине имамдын орун басары болуп дайындалат.

1997-жылдын июнь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитинин башкы имамы болуп бекетилет. 2000-жылдагы Кыргызстан мусулмандарынын курултайында кайрадан Уламалар Кеңешине мүчө болот.

2006-жылга чейин Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалайт.

2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы Туңгуч мечитинде имам хатиб болуп, элге кызмат кылып келе жатат.

Абдиманап каары бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү Куран жаттаган каарылардын аксакалы, ошондой эле дин ишмерлеринин арасында кадыр-барктуу аалымдардын бири болуп саналат. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта жаштарга Куран окууну жана Ислам таалимин үйрөтүүдө салымы чоң.

Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.

Замир кары Ракиев
Аалымдар Кеңешинин төрагасы
Абан ажы Матраимов
Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары
Акылбек ажы Халбеков
Аалымдар Кеңешинин жооптуу катчысы
Максатбек ажы Токтомушов
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Дүйшөнбек ажы Өтөнбаев
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Абдишүкүр ажы Нарматов
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Калилидин ажы Исаков
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Абдулла ажы Асыранкулов
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Данияр ажы Мурадилов
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Кенжетай ажы Курманкожоев
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Жеңишбек ажы Курбанов
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Мирзат ажы Барпыбеков
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Эмилбек ажы Андартегин
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Эльдияр ажы Көбөнов
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Марс ажы Ибраев
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Мухаммад ажы Аноркулов
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Султанбек ажы Ташматов
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Жумадыл ажы Акматжан
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Асан ажы Сыргабаев
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Нурулло ажы Рахматуллаев
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Кабылбек ажы Акматов
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Нуридин ажы Асомудинов
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Абдиравшан ажы Дүйшөев
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Жигитали ажы Исмайилов
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
Анасхан ажы Ташхужаев
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү