"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 03.04.2026
  • |

Жалал-Абадда болочок ажыларга сабактар өтүлүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев Жалал-Абад облусунда жакын арада ажылык сапарына аттана турган жарандар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө ал ажылыктын мааниси, анын парздары жана сапар учурунда сакталуучу эрежелер тууралуу кеңири маалымат берди.

Замир кары Ракиев өз сөзүндө ажылык – бул ар бир мусулман үчүн чоң сыноо жана руханий тазалануунун жолу экенин белгилеп, зыяратчыларды сабырдуулукка, ынтымакка жана тартипти сактоого чакырды. Ошондой эле ал Саудияда жүргөндө өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарын жана ажылыкка байланыштуу талаптарды так аткаруу зарылдыгын эскертти.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө диний аалымдар Давранбек ажы Жунусалиев, Ордобек ажы Оморбеков, Бактыбек ажы Тунгатаров, Ниматулла ажы Жээнбековдор да ажылыктын шарияттагы орду тууралуу кеңири сабак өтүштү.

Жолугушуунун соңунда болочок ажылар өздөрүн кызыктырган суроолорго аалымдардан жооп алышып, ажылык сапарына даярдык көрүү боюнча пайдалуу кеңештерди алышты.

Айта кетсек, 2-апрель күнү Сузак району жана Манас шаарынын ажыларына сабактар өтүлсө, бүгүн, 3-апрелде Базар-Коргон районунун борбордук «Ак-Тайлак Ата» мечитинде Базар-Коргон жана Ноокен районунун ажылары үчүн атайын сабак уюштурулду.