«Жакшылык – жүрөгүң тынчтык тапкан нерсе,
жамандык – жүрөгүң тынчсызданган нерсе» (Муслим)
Коом | 25.02.2026
  • |

Ысык-Көл: Муфтияттын өкүлдөрү облустагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына караштуу «Ырыс» борбордук мечитинде фитир-садака жана «Финик» тиркемеси боюнча облустагы баш имам-хатибдердин милдетин аткаруучуларга жана Балыкчы шаарынын имамдарына жыйын өткөрүлдү.

Жыйында төмөнкү маселелер талкууланды:
•    Фитир-садаканын QR-кодун ар бир мечитке илүү;
•    Фитир-садаканы муктаждарга таратуу үчүн атайын тизме түзүп, комиссиянын көзөмөлүндө иш алып баруу;
•    Хатибият кеңсесиндеги жана мечиттердеги буюм-тайымдарга инвентаризация жүргүзүп, жазуу түрүндө каттоого алуу;
•    Имамдардын стипендия маселеси.

Жыйындын жүрүшүндө берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткаруу тапшырмасы берилди.

Айта кетсек, жыйынга муфтияттын финансы жана чарба бөлүмүнүн башчысы Толкунбек ажы Жуманов, бөлүм адистери Асанбай ажы Бекматов жана Уланбек ажы Сайпидинов, Азирети Муфтийдин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Арпидин ажы Жороев, Балыкчы шаарынын баш имам-хатибинин м.а. Чойбек ажы Исакунов жана имам-хатибдер катышты.