Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Коом | 20.06.2025
  • |

Умра зыяраты менен алектенген мекемелерге багытталган жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 20-июнь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын конференция залында умра зыяраттарын жакшыртуу жана системалоо боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров башында турган КМДБ кызматкерлери, умра зыяраты менен алектенген мекеме жетекчиликтери жана өкүлдөрү катышты. 

Талкуунун жүрүшүндө 2025-жылдын 21-январында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» Мыйзамын түшүндүрүү, умра зыяраттарын уюштурууну жакшыртуу, системалаштыруу, зыяратчыларга кам көрүү жана кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүү сыяктуу зарыл маселелер талкууланды. 

Ошондой эле зыяратчыларга багытталган атайын тиркеме презентация кылынып, суроо-жооп менен жыйынтыкталды.