«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга байланат» (хадис)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын расмий билдирүүсү
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) «Центер Кей Джи» ЖЧКсы жана «Аль Умма тур» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдердин бир катар пункттары «Центер Кей Джи» ЖЧКсынын жана «Аль Умма тур» ЖЧКсынын жетекчилери тарабынан олуттуу түрдө бузулгандыгына байланыштуу, келишим бир тараптуу токтотулгандыгын коомчулукка маалымдайт.
Ушуга байланыштуу, 2026-жылдын 27-февралынан тартып «Центер Кей Джи» ЖЧКсы жана «Аль Умма тур» ЖЧКсы Умра (кичи ажылык) зыяратын уюштуруу жана өткөрүү укугунан ажыратылды. Мындан ары аталган компаниялар тарабынан умра зыяратын уюштуруу боюнча жүргүзүлгөн ишмердүүлүк мыйзамсыз деп эсептелет.
Жалпы аккредитациясы жокко чыгарылып Умра уюштуруу укугунан ажыратылган туристтик компаниялардын саны 5ке жетти. Алар:
1-“Нур Умра” ЖЧК
2-“Нур Умра Трэвел” ЖЧК
3-“Аманат Бизнес Холдинг” ЖЧК
4-“Центер Кей Джи” ЖЧК
5-“Аль Умма тур” ЖЧК
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жарандарды умра зыяратына барууда ыйгарым укуктуу жана расмий аккредитациядан өткөн компаниялардын кызматтарын гана пайдаланууга чакырат. Бул зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу жана умра зыяратынын тиешелүү талаптарга ылайык уюштурулушу үчүн өзгөчө маанилүү.