«Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң ардактууңар – эң такыбаңар» (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
Коом | 10.02.2026
  • |

Улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков муфтиятты зыярат кылып, башкармалыктын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 10-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын зыярат кылып, муфтияттын жалпы ишмердүүлүгү менен таанышты.

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Улуттук агенттиктин төрагасын жылуу маанайда кабыл алып, диний мекеменин өткөн жылдагы ишмердүүлүгү, муфтияттын 5 жылдык иш-планы жана ишке ашкан мерчемдер боюнча маалымат берип өттү. 

«Муфтият эгемендиктин алгачкы жылдарында түптөлүп, 35 жыл толуп жатат. Муфтият – туңгуч муфтий Кимсанбай ажы Абдурахманов баштаган кадырлуу аалымдар иштеп кеткен жер. Ошол жылдардан тарта мамлекет жетекчилери муфтиятка ар дайым колдоо көрсөтүп, Кыргызстан мусулмандарына шарттар түзүлүп келди. Учурдагы өлкө башчы тарабынан да зор колдоолор болуп, ири реформаларга жетише алдык. Мунун баары Кыргызстан мусулмандарына диний кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана исламий маданиятты көтөрүү максатында жасалууда», – деди КМДБ жетекчиси өз сөзүндө. 

Азирети Муфтий жаңы дайындалып, кызматка киришип жаткан Улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековго ийгилик каалап, өз ара кызматташтыкты тереңдетүү жана биргелешкен иш-чараларды системалуу түрдө жүргүзүүгө ишеним артарын кошумчалады.

Ал эми Улуттук агенттиктин төрагасы жылуу кабыл алуу үчүн Азирети Муфтийге ыраазычылык билдирип, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын алкагында тыгыз, эриш-аркак иш алып барууга жана дайыма колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.