"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 28.03.2026
  • |

Таирбек ажы Абдрахмановдун дүйнө салганына байланыштуу жакындарына көңүл айтабыз!

Көп жылдар бою мечиттерде имамдык озуйпаны аркалап, диний тармакта алгылыктуу кызматтарды өтөгөн Таирбек ажы Абдрахмановдун дүйнө салганына байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө, жоро-жолдошторуна жана жакындарына Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган муфтияттын жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Көңүл айтуу тексти:

«Ислам динине берилүү менен кызмат кылган, диний билим берүүгө өмүрүн арнаган кадырлуу максым, Таирбек ажынын дүйнө салганына байланыштуу суук кабарды оор кабыл алдык. “Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Бакара, 156). “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Анбия, 35).

Таирбек ажынын динге кылган эмгектери эсибизде. Калкыбызга динибиздин асыл балуулуктарын жеткирүүдө үлкөн салым кошкон. Анын кызматтары эли-журтубуздун эсинде кала берет.

«Кадырлуу маркумдун жакындары! Алла Таала сиздерге сабыр, күч-кубат жана кайрат берсин. Ал эми маркумду Өз ырайымына алып, бейиш бакчаларын насип кылсын».