«Дүйнөнүн эң жакшы байлыгы – салиха аял» (Муслим)
Коом | 14.02.2026
  • |

Шакир ажы Маматовго «Ардактуу казы» наамы тапшырылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун Бишкек шаарындагы мурдагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Шакир ажы Маматовго КМДБнын «Ардактуу казы» номинациясы жана Ардак баракчасы тапшырылып, дин жолундагы кызматы үчүн ыраазычылык билдирилди. Ошондой эле, көп жылдык эмгеги үчүн «Насыйкат» медалы менен сыйланды. Муфтияттын атайын сыйлыктарын Азирети Муфтийдин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов тапшырып, Шакир ажынын мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

Айта кетсек, Бакыт ажы Кайкиев ротациялык жол менен муфтийдин Бишкек шаарындагы өкүлү болуп дайындалган. Ал эми Шакир ажы Маматов баш калаадагы Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы борбордук мечиттин имам-хатиби болуп, калаа тургундарына жана конокторуна диний кызмат кыла бермекчи.

Бишкек шаарынын мурдагы өкүлү тууралуу:

Толук аты-жөнү: Маматов Шакиржан Валиевич
Туулган жылы: 20.04.1968-ж.
Туулган жери: Баткен облусу, Кадамжай району, Пулгон айылы
Улуту: кыргыз

Билими:
1975-1985-жж. М. Ломоносов атындагы орто мектеби;
1989-1996-жж. «Хазрети Али» медресесинде илим алган, адистиги: «имам-хатиб» жана «мударрис»;
2003-2016-ж Эл аралык инновациялык технологиялар университети, адистиги: уюмдун менеджменти (багыттар боюнча).

1986-1988-жж. Москва шаарында Советтик Армиянын катарындагы кызмат өтөгөн.

Эмгек тажрыйбасы:
1996-1997-жж. «Хазрети Али» медресесинин мудариси;
1997-1999-жж. «Молдо Мухтар» мечитинин имамы;
1999-2000-жж. Кадамжай районунун баш имам-хатиби;
2002-2005-жж. «Ысык-Көл» облусунун мусулмандарынын казысы;
2002-2012-жж. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
2005-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары;
2005- 2006-жж. Баткен облусунун мусулмандарынын казысы.
2006-2010-жж. Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы;
2010-2012-жж. Ош шаарынын мусулмандарынын казысы;
2012-2013-жж. Баткен облусунун мусулмандарынын казысы;
2013-2014-жж. Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы;
2013-2022-жж. "Идеал Травел" туристтик агенттигинин жетекчиси;
2022-жылынан тарта Бишкек шаарынын казысы (Азирети Муфтийдин ордо калаадагы өкүлүнүн м.а.) болуп эмгектенип келген.

Билген тилдери:
Кыргыз, араб, орус, өзбек, казак

Үй-бүлөлүк абалы:
Үй-бүлөлүү: 2уул, 4 кыздын атасы