«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Коом | 03.02.2026
  • |

Самарканд: ТМУнун Дин башкармалыктарынын алдындагы Фатва Кеңеши өз ишин баштады

2026-жылдын 2-4-февраль күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) диний башкармалыктарынын башчыларынын кеңешине караштуу Фатвалар боюнча комитетинин консультативдик жыйындары өткөрүлүүдө.

Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган бул жолугушууга фатвалар боюнча комитеттин мүчөлөрү, мусулман диний мекемелеринин жогорку даражалуу өкүлдөрү жана Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн белгилүү аалым-окумуштуулары катышты. Эл аралык салмактуу иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын атынан дин аалымы, КМДБнын калкты диний маалыматтар менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев жана бөлүмдүн адиси Баястан Марат уулу катышууда.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Зайниддин Эшонкулов катышуучуларды жылуу маанайда тосуп алып, Самарканд шаарынын Улуу Жибек жолундагы жана ислам дүйнөсүндөгү тарыхый жана руханий маанисин өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары, доктор Мирвохид Азимов өз сөзүндө иш-чаранын Самарканд шаарында өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, мындан төрт жыл мурда түрк мамлекеттеринин лидерлери тарабынан Самарканд түрк дүйнөсүнүн цивилизациялык борбору деп жарыяланганын эске салды. Ал ошондой эле бул маанилүү иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирип, жолугушуунун диний маселелер боюнча кызматташууну кеңейтүүгө жана түрк дүйнөсүндө руханий биримдикти мындан ары чыңдоого багытталганын баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар ислам укугуна (фикх) байланыштуу актуалдуу маселелерди кеңири талкуулашты.

Мындан тышкары, кеңеш хижрий 1447-жылдагы Рамазан айынын башталышын жана Орозо айт майрамынын күнүн аныктоо маселесин карап чыгып, бул даталарды белгилөөгө байланыштуу ар кандай методологиялык ыкмалар боюнча пикир алмашты.

Андан ары айыл чарбасындагы «ушр» жана өндүрүштүк чыгымдар маселеси, ошондой эле жер семирткичтер жана химиялык пестициддер сыяктуу чыгымдардын «ушр» өлчөмүнө тийгизген таасири талкууланат. Ошону менен бирге, фатва берүү же фатва алуу процесстеринде жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүгү каралып, анын максатка ылайыктуулугу жана чектөөлөрү бааланат.

Бул маанилүү иш-чара түрк мамлекеттеринин диний уюмдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана институттук кызматташууну бекемдөөгө, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында исламий насаат менен илимий диалогдун бирдиктүү жана ырааттуу ыкмаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Айта кетсек, өткөн жылы ТМУга мүчө-мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI саммити алгачкы жолу Кыргызстанда өткөн. КР Президентинин колдоосу менен Бишкекте өткөрүлгөн иш-чара КМДБнын үй ээлиги астында жогорку деңгээлде уюшутурулуп, өз максатына жеткен.