"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 03.04.2026
  • |

Самаган Мырзаибраимов ОшМУнун теология факультетинде конок лекция окуду

Бүгүн, 3-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы илим-изилдөө институтунун директору, доцент Самаган Мырзаибраимов “Салттуу ислам түшүнүгү жана анын Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүгү” аттуу темада мазмундуу конок лекция окуду.

Лекциянын жүрүшүндө конок баяндамачы салттуу ислам түшүнүгүнүн негиздерин терең талдап, айрыкча ханафи мазхабы менен матуриди акыйдасынын өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолду. Ал аталган диний мурастардын коомдогу руханий туруктуулукту сактоодогу маанисин баса белгиледи.

Иш-чара жандуу суроо-жооп форматы менен уланып, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Лекция студенттер жана окутуучулар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болгонун окуу жайдан билдиришти.

Бул илимий иш-чаранын негизги максаты — коомдо адеп-ахлактык баалуулуктарды жана улуттук нарк-насилди бекемдөө, ошондой эле өлкөдөгү руханий маданиятты өнүктүрүүгө салым кошуу болуп саналат.