«Дүйнөнүн эң жакшы байлыгы – салиха аял» (Муслим)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакыт ажы Кайкиев ротациялык жол менен муфтийдин Бишкек шаарындагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.
Жаңы дайындалган өкүлдү Азирети Муфтийдин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов жамаатка тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады.
Ротациялык дайындоолор Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында ишке ашып, диний тармактагы башкарууну өркүндөтүү, аймактардагы диний ишмердүүлүктү жандандыруу жана тажрыйбалуу кадрларды жоопкерчиликтүү орундарга тартуу максатында жүргүзүлүүдө.
Азирети Муфтийдин ордо калаадагы жаңы өкүлү тууралуу маалымат:
Бакыт ажы Кайкиев 1981-жылдын 20-апрелинде Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген.
Билими:
1988-1998-жж. Каракол шаарындагы Некрасов атындагы мектепте билим алган;
1996-1998-жж. Каракол медресесинде окуган.
1998-2003-жж. К.Тыныстанов атындагы университетте “Экологияны жана жаратылышты пайдалануу” факултетинде билим алган;
2003-2005-жж. Бишкек шаарындагы “Азирети Умар” ислам институнда;
2009-2010-жж. Каир шаарындагы (Египет) “Аль-Азхар” университетинде окуган.
Эмгек жолу:
2005-2006-жж. Каракол шаарындагы «Мухтарулло» мечитинде имам-хатиб;
2006-2009-жж. Түп районунун баш имам-хатиби;
2010-2011-жж. Ысык-Көл облустук мусулмандарынын казыятынын фатва адиси;
2011-2014-жж. Каракол шаарындагы «Мухтарулло» мечитинде имам-хатиб;
2014-2025-жж. Түп районунун баш имам-хатиби;
2025-жылдан тарта Азирети Муфтийдин Ысык-Көлдөгү өкүлү кызматын аркалап келген.
Үй-бүлөлүү: 3 баланын атасы.