“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп, Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (хадис).
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Арпидин ажы Жороев ротациялык жол менен муфтийдин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.
Жаңы дайындалган өкүлдү Азирети Муфтийдин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов жамаатка тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады.
Ротациялык дайындоолор Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында ишке ашып, диний тармактагы башкарууну өркүндөтүү, аймактардагы диний ишмердүүлүктү жандандыруу жана тажрыйбалуу кадрларды жоопкерчиликтүү орундарга тартуу максатында жүргүзүлүп жатат.
Азирети Муфтийдин Ысык-Көлдөгү жаңы өкүлү тууралуу маалымат:
Жороев Арпидин Кадырович 1972-жылы 24-январда Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында төрөлгөн.
1979-жылдан баштап 1989-жылга чейин Дароот-Коргон айылындагы “Комунист” орто мектебин аяктаган.
1990–1992-жылдары аскердик кызматты өтөгөн.
1992–1995-жылдары Дароот-Коргон айылында дыйкан чарба тармагында эмгектенген.
1995–2002-жылдары жыгач устачылыгында эмгектенген.
2002–2006-жылдары Кара-Балта шаарында жайгашкан “Хазрети Осмон” Ислам институтун аяктаган.
2007–2014-жылдары “Достук” жума мечитинде имам болуп иштеген.
2015–2017-жылдары Жалал-Абад шаарындагы “Босого-Тажуахун” жума мечитинде имам болуп иштеген.
2015-жылы Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын фатва адиси болуп иштеген.
2017-2022-жылы ротация негизинде Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын фатва адиси кызматынан үгүт-насаат, окуу боюнча адиси болуп иштеген.
2022-2025-жылдары Жалал-Абад олусунун мусулмандарынын казыятынын мечиттер боюнча адиси.
2025-2026 жылдары Азирети Муфтийдин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары (кийинчерээк милдетин аткаруучу) болуп эмгектенип келген.
Үй-бүлөлүү: 4 баланын атасы.