Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”. Абу Дауд:1134
Бишкек шаарынын тургундары жана конокторунун суранычы, КР Президентинин колдоосу менен Орозо айт намазы эртең, 20-мартта Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окула турган болду.
Эски аянттагы айт намазы программасы:
* 07:00 – 07:30 – Куран окуу
* 07:30 – 07:40 – Модератор Шүкүр ажы Исмаилов
* 07:40 – 08:10 – Диний баяндар; Бакыт ажы Кайкиев, Жолдошбек ажы Абдылдаев
* 08:10 – 08:30 – Азирети Муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери
* 08:20 – 08:30 – Сапан-сап айтуу
* 08:30 – 08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.
Ал эми аймактарда орозо айт намазы жума мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:
* 07:30 – 08:00 – Куран окуу;
* 08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
* 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
* 08:30 – Айт намазын окуу.
Эскертүү: Тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.